Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
1,324 Бардыгы / Орусиянын президенти Владимир Путин “сырттан кимдир бирөө” Украинадагы абалга кийлигишип, Орусия үчүн стратегиялык мүнөздөгү конкунуч жаратса, Москва “чагылгандай сокку ура турганын” эскертти. Санкт-Петербургда Мыйзам чыгаруучулар кеңешинин мүчөлөрүнүн алдында сүйлөгөн Путин ыктымал соккуларды “жооптук чара” деп атап, ал боюнча алдын ала бардык чечимдер кабыл алынганын белгиледи. “Жооптук чара” термини аскердик доктринада өзөктүк куралга байланыштуу […]
1,325 Бардыгы / Орусиянын президенти Владимир Путин “сырттан кимдир бирөө” Украинадагы абалга кийлигишип, Орусия үчүн стратегиялык мүнөздөгү конкунуч жаратса, Москва “чагылгандай сокку ура турганын” эскертти. Санкт-Петербургда Мыйзам чыгаруучулар кеңешинин мүчөлөрүнүн алдында сүйлөгөн Путин ыктымал соккуларды “жооптук чара” деп атап, ал боюнча алдын ала бардык чечимдер кабыл алынганын белгиледи. “Жооптук чара” термини аскердик доктринада өзөктүк куралга байланыштуу […]
ПУТИН БАТЫШ ӨЛКӨЛӨРҮН “ЧАГЫЛГАНДАЙ СОККУ” МЕНЕН ОПУЗАЛАДЫ
28.04.2022 / Автор anarkan_kg

1,326 Бардыгы /
Орусиянын президенти Владимир Путин “сырттан кимдир бирөө” Украинадагы абалга кийлигишип, Орусия үчүн стратегиялык мүнөздөгү конкунуч жаратса, Москва “чагылгандай сокку ура турганын” эскертти.
Санкт-Петербургда Мыйзам чыгаруучулар кеңешинин мүчөлөрүнүн алдында сүйлөгөн Путин ыктымал соккуларды “жооптук чара” деп атап, ал боюнча алдын ала бардык чечимдер кабыл алынганын белгиледи. “Жооптук чара” термини аскердик доктринада өзөктүк куралга байланыштуу колдонулат.
Путин кайсы буталарга кайсы куралдардан сокку уруларын тактаган жок. Өз сөзүндө ал Орусиянын каршылаштарында жок курал жөнүндө кеп кылып, 24-февралдагы эскертүүсүн дагы бир жолу кайталады. Украинага кол салуусун түшүндүргөн андагы билдирүүсүндө Путин, эгер чет өлкөлөр аралашса “анын кесепети тарыхта болуп көрбөгөндөй болорун” эскерткен.
Владимир Путин “Украинадагы жана Донбасстагы аскердик атайын операция” улантыларын, бардык милдеттемелер аягына чыгарыларын белгиледи. Анын ичинде Орусиянын, аннексияланган Крымдын жана “ДНР” менен “ЛНР” деп аталган жикчил аймактардын жашоочуларынын коопсуздугун атады.
Орусия өзү “атайын операция” деп атаган, иш жүзүндө Украина үчүн болуп жаткан согуш эки айдан ашык убакыттан бери уланууда. Москва кеңири масштабдагы кол салуусун 24-февралда баштаган. Бул аралыкта орус аскерлери Украинанын түштүгүндөгү жана чыгышындагы облустарынын бир топ бөлүгүн басып алды. Киев, Чернигов жана башка түндүктөгү аймактардан артка чегинди.
Согуштук аракеттерден эки тараптан тең, аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. Батыш өлкөлөрү Украинаны курал менен камсыз кылуусун жана Орусияга санкция салуусун күчөтүп жатат. Ошентсе да өздөрү Орусия менен түздөн-түз тирешке барбай турганын билдиришүүдө.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
21.10.2025 / Автор anarkan_kg КЫШКЫ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАЙЛЫ
-
03.12.2025 / Автор anarkan_kg СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
-
27.01.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫ РАЙОНУНДА ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.