Аймак

СУЗАК МИЛИЦИЯСЫ ӨСПҮРҮМДӨРГӨ СПОРТТУК ИШ-ЧАРА УЮШТУРДУ

СУЗАК МИЛИЦИЯСЫ ӨСПҮРҮМДӨРГӨ СПОРТТУК ИШ-ЧАРА УЮШТУРДУ

 468 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан “Спорт – ден соолуктун булагы” аталышындагы мелдеш өткөрүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалымдагандай, таймашка жогорку класстардын улан жана кыздары катышып, баскетбол оюну боюнча күч сынашышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери укук бузууларга жана кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле мекенди жана спортту сүйүүгө, мыкты билим алууга чакырышты.

Соңунда жеңүүчүлөргө Сузак милициясы тарабынан даярдалган кубок, дипломдор жана атайын китепчелер тапшырылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17