Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,525 Бардыгы / Эл аралык беш укук коргоо уюму Тажикстандын бийлигин Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы нааразылык акциялардын катышуучуларына карата зомбулукту токтотууга чакырды. Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майда автоном облустун Рушан районунда өткөргөн “атайын операция” маалында он киши, анын ичинде бир милициянын офицери каза болгону кабарланган. Рушандын тургундары бери дегенде эле 21 кишинин сөөгү табылганын айтышса, […]
1,526 Бардыгы / Эл аралык беш укук коргоо уюму Тажикстандын бийлигин Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы нааразылык акциялардын катышуучуларына карата зомбулукту токтотууга чакырды. Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майда автоном облустун Рушан районунда өткөргөн “атайын операция” маалында он киши, анын ичинде бир милициянын офицери каза болгону кабарланган. Рушандын тургундары бери дегенде эле 21 кишинин сөөгү табылганын айтышса, […]
ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР ТАЖИК БИЙЛИГИН ТООЛУУ БАДАХШАНГА УКУК КОРГООЧУЛАРДЫ КИРГИЗҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ
26.05.2022 / Автор anarkan_kg

1,527 Бардыгы /
Эл аралык беш укук коргоо уюму Тажикстандын бийлигин Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы нааразылык акциялардын катышуучуларына карата зомбулукту токтотууга чакырды.
Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майда автоном облустун Рушан районунда өткөргөн “атайын операция” маалында он киши, анын ичинде бир милициянын офицери каза болгону кабарланган. Рушандын тургундары бери дегенде эле 21 кишинин сөөгү табылганын айтышса, айрым булактар кеминде 25 адам өлгөнүн билдирип жатышат.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, бүгүнкү күндө Рушан районунун кире беришине блокпосттор коюлуп, аймакка кирген-чыккан жарандардын баары текшерилүүдө.
“Жарандык укуктарды коргоочулар” (ORD) уюму, Польшадагы Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду (HFHR), Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети (NHC) жана Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм (OMCT) 24-майда жарыяланган биргелешкен билдирүүсүндө тажик бийлигинен Тоолуу Бадахшандагы интернет байланышын калыбына келтирүүнү, ошондой эле аймакка Кызыл чырым уюму менен укук коргоочулардын кирүүсүнө уруксат берүүнү талап кылышты.
Бүгүнкү күндө Тоолуу Бадахшанда интернет байланышы жок. Ал жерде чынында эмне болуп жатканы белгисиз. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү “Бадахшан ТВ” телеканалынан сүйлөп, аймакта абал тынч экенин, тургундар күнүмдүк жумуштары менен алек болуп жатканын билдирүүдө.
Эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстандын бийлигин “Тоолуу Бадахшандагы бардык жолдорду ачууга, калкты медициналык жардам жана азык-түлүк менен, кармалган адамдарды адвокаттар менен камсыз кылууга чакырышты. Мындан тышкары алар объективдүү тергөө жүргүзүлүп, “Озоди” радиосу менен “Настоящее Время” телеканалынын журналисттерине кол салгандар жоопкерчиликке тартылышы керектигин, ошондой эле камакка алынган жарандык активист Ульфатхоним Мамадшоева тез арада бошотулушу керек экенин билдиришти.
17-майда белгисиз адамдар аталган редакциялардын кызматкерлерине кол салып, алардын телефондорун жана бардык аудио жана видеоаппараттарын алып кетишкен. Журналисттер анын алдында Ульфатхоним Мамадшоевадан интервью алышкан. Активист 18-майда Душанбеде кармалып, ага каршы “Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Эгер ал күнөөлүү деп табылса 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Камакка алынганга чейин активист Тоолуу Бадахшандагы нааразылык акцияларга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.
Орусияда жана башка өлкөлөрдө жашаган тоолуу бадахшандыктар өз жакындарынын тагдырына тынчсызданып жатышканын билдирүүдө. 24-майда Тажикстан ИИМи Рушан районундагы нааразылык акцияга катышкан 46 жергиликтүү тургунду “кылмыштуу жана экстремисттик-террордук топтордун” мүчөсү деп атап, алар камакка алынганын маалымдаган. Мекеменин сайтына жарыяланган тизмеде кармалгандардын сүрөттөрүнөн айрымдарынын бети көгөрүп турганын көрүүгө болот. Алардын баары 24 жаштан 53 жашка чейинки эркектер.
Тоолуу Бадахшан автоном облусунда 14-майдан тартып нааразылык акциялары башталган. Күч органдары 18-майда жол тоскон адамдарды “деструктивдүү күчтөр” деп атап, аларга каршы “антитеррордук операция” өткөргөн. Анда “8 жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. Соңку маалыматтарда 100дөн ашык адам кармалганы ырасталды.
“Азаттыктын” тажик кызматынын булактары өлгөндөрдүн саны 20дан ашканын, дагы ондогон кишилер дайынсыз болуп жатканын билдирүүдө.
Тажикстандагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бейформал лидери Мамадбокир Мамадбокиров 22-майда Хорог шаарында белгисиз жагдайларда өлтүрүлгөн. Өлкө ИИМи ал криминалдык топтордун өз ара ички териштирүүлөрү маалында атып өлтүрүлгөнүн билдирген. Бирок Pamir Daily News сайты өз булактарына таянып, Мамадбокиров Тажикстандын укук коргоо органдарынын колунан каза болгонун кабарлоодо.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.