Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,315 Бардыгы / Тажикстандагы журналисттик уюмдар, мамлекеттик жана жеке гезиттердин редакциялары бийликтен “Озоди” радиосунун журналисти Муллоражаб Юсуфзода менен белгилүү блогер Далер Имомалиге кол салгандарды табууну жана жоопкерчиликке тартууну талап кылышты. 11 редакция менен журналисттик уюмдун биргелешкен билдирүүсү көз карандысыз блогер Далер Имомали сабалгандан эки күн өткөндөн кийин жарыяланды. Ага чейин 17-майда белгисиз адамдар “Озоди” радисунун журналисти Муллоражаб Юсуфзоданы […]
1,316 Бардыгы / Тажикстандагы журналисттик уюмдар, мамлекеттик жана жеке гезиттердин редакциялары бийликтен “Озоди” радиосунун журналисти Муллоражаб Юсуфзода менен белгилүү блогер Далер Имомалиге кол салгандарды табууну жана жоопкерчиликке тартууну талап кылышты. 11 редакция менен журналисттик уюмдун биргелешкен билдирүүсү көз карандысыз блогер Далер Имомали сабалгандан эки күн өткөндөн кийин жарыяланды. Ага чейин 17-майда белгисиз адамдар “Озоди” радисунун журналисти Муллоражаб Юсуфзоданы […]
ТАЖИКСТАНДЫН МЕДИАУЮМДАРЫ ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ КОЛ САЛГАНДАРДЫ ЖАЗАЛООНУ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ
07.06.2022 / Автор anarkan_kg

1,317 Бардыгы /
Тажикстандагы журналисттик уюмдар, мамлекеттик жана жеке гезиттердин редакциялары бийликтен “Озоди” радиосунун журналисти Муллоражаб Юсуфзода менен белгилүү блогер Далер Имомалиге кол салгандарды табууну жана жоопкерчиликке тартууну талап кылышты.
11 редакция менен журналисттик уюмдун биргелешкен билдирүүсү көз карандысыз блогер Далер Имомали сабалгандан эки күн өткөндөн кийин жарыяланды. Ага чейин 17-майда белгисиз адамдар “Озоди” радисунун журналисти Муллоражаб Юсуфзоданы токмоктоп кетишкен.
Журналисттик уюмдар өз билдирүүсүндө Тоолуу Бадахшандагы окуяларды чагылдырууда ЖМКлардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктар болуп, айрым журналисттер суракка чакырылып жатканын белгилешти.
“Мамлекеттик органдар, анын ичинде укук коргоо органдары “ЖМКлар тууралуу” өлкө мыйзамдарын сактоого жана мыйзамдын бузулушуна жол бербөөгө милдеттүү. Алар журналисттердин профессионалдык ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу учурлары боюнча иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартышы керек”, – деп жазылган билдирүүдө.
Билдирүүнүн авторлору бийликтен журналисттерге басым жасоону, аларды куугунтуктоону жана ур-токмокко алууну токтотууну талап кылып, ошол эле маалда ЖМКларды “Тажикстандын улуттук кызыкчылыктарын, дүйнөдөгү жана аймактагы абалды эске алып, өлкө мыйзамдары менен профессионалдык-этикалык нормаларды бузбастан иштөөгө” чакырышты.
Биргелешкен билдирүүгө Тажикстандын ЖМКлар боюнча кеңеши, Тажикстандын көз карандысыз ЖМКларынын улуттук ассоциациясы, Тажикстандын журналисттик иликтөөлөр борбору, “Хома” коомдук уюму, “Тажикстандын медиа-консалтинги” уюму, Тажикстандын Медиа-альянсы, “Азия-плюс” медиа тобу, ошондой эле “Садои мардум”, “СССР”, “Минбари халк” жана “Тожикистон” гезиттеринин редакциялары кол койгон.
“Озоди” радиосу менен “Настоящее Время” телеканалынын журналисттери Анушервон Арипов, Насим Исамов, Муллоражаб Юсуфзодф жана Барот Юсуфи 17-майда бадахшандык активист Ульфатхоним Мамадшоевадан интервью алгандан кийин кол салууга кабылышкан. Жарандык кийимчен адамдар журналисттерди күч менен автоунаадан чыгарып, алардын кызматтык техникаларын жана телефондорун тартып алышкан. Ошол эле күнү бийлик Мамадшоеваны Хорогдогу башаламандыктарды уюштурууга айыптап, ага каршы “Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакырык жасоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
“Озоди” радиосу менен “Настоящее Время” телеканалынын журналисттерине кол салуудан 20 күн өткөнүнө карабастан күнөөлүүлөр табыла элек. Журналисттердин тартып алынган телефондору менен техникалары да кайтарылган жок.
19-майда Тажикстандын укук коргоо органдары Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы окуяларга байланыштуу “Азия-Плюс” сайтынын кабарчысы Рамзия Мирзобекованы суракка чакырып, анын телефону менен компьютерин алып коюшкан.
4-июнда белгилүү журналист жана блогер Далери Имомали кармалып, беш саат сурак берген. Блогер өзүнүн YouTube-каналына жарыялаган кайрылуусунда бул окуя ал Душанбенин Шохмансур райондук акимчилигинен видео тартып кеткенден кийин болгонун айткан.
Тажик бийлиги ЖМК кызматкерлерине жасалып жаткан мындай басымдар тууралуу эч кандай комментарий бере элек.
Эл аралык уюмдар Тажикстандын бийлигин сөз эркиндигин чектөөгө айыптап келишет. Расмий Душанбе мындай айыптоолорду четке кагып, өлкөдө бардык ЖМКлар үчүн эркин ишмердүүлүк жүргүзүүгө бүт шарттар түзүлгөнүн билдирүүдө.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
18.04.2025 / Автор anarkan_kg ИЛИМИЙ ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ
-
26.04.2025 / Автор anarkan_kg КАРА-СУУ РАЙОНУНДАГЫ ДАРЫЯДАН ОК-ДАРЫЛАР ТАБЫЛДЫ
-
12.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАШТАР АЛЛЕЯСЫ АЧЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17


