Аймак

САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН ВЕДОМСТВОЛУК УЮМДАРЫНЫН БИРИНДЕ КЫЯНАТТЫК МЕНЕН ПАЙДАЛАНУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН ВЕДОМСТВОЛУК УЮМДАРЫНЫН БИРИНДЕ КЫЯНАТТЫК МЕНЕН ПАЙДАЛАНУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

 1,116 Бардыгы /

БИШКЕК. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү башкармалыгы тарабынан Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук уюмдарынын биринде кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборунун бир катар жетекчилери кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, документтерди жасалмалоо жолу менен акысыз көрсөтүлгөн кызматтары үчүн жарандардан мыйзамсыз акча алып жаткандары аныкталды. Түшкөн акча каражаттары жеке муктаждыктар үчүн пайдаланылган. Ошондой эле 2022 -жылы негизсиз алынган кирешенин суммасы 1000000 сомдон ашык экени аныкталды. Бул уюмдун мурдагы жылдардагы ишмердүүлүгү текшерилип жатат.
Учурда чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.
Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17