Аймак

ТҮРКИЯДА ДУШАНБЕНИН ӨТҮНҮЧҮ МЕНЕН ТАЖИКСТАНДЫК ЭНЕ-БАЛА КАРМАЛДЫ

ТҮРКИЯДА ДУШАНБЕНИН ӨТҮНҮЧҮ МЕНЕН ТАЖИКСТАНДЫК ЭНЕ-БАЛА КАРМАЛДЫ

 2,451 Бардыгы /

Түркияда Душанбенин өтүнүчү менен кармалган тажикстандык эне-баланы мекенине экстрадициялоо маселеси каралууда. Бул тууралуу “Озоди” радиосу кабарлады.

Маалыматка караганда, 44 жаштагы Фотима Гиёсова менен анын 19 жаштагы уулу Махмудулло Дониёрзода 17-октябрда кармалган. Тажикстанда аларга 2016-жылы Сириядагы согушка катышуу айыбы тагылып, издөө жарыяланган. Кармалгандар бул айыптоону четке кагууда.

Жакындарынын айтымында, эки жума мурда Түркиянын соту аларды бошотуу тууралуу адвокаттын өтүнүчүн четке каккан. Сот бул чечимин Тажикстандын бийлиги алар дагы деле издөөдө экенин жана кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатканын билдиргени менен түшүндүргөн.

Гиёсованын Венгрияда жашаган экинчи уулу Иброхим Дониёрзода туугандарынын эч кимиси Сирияда болбогонун, тажик бийлиги аларды далилсиз эле Интерполдун издөөсүндөгү адамдардын тизмесине кошуп койгонун билдирүүдө. Анын айтымында, 2022-жылы ал да Венгрияда Душанбенин өтүнүчү менен кармалып, кайра бошотулган. Анда Hungary Today басылмасы Дониёрзода мекенинде Сириянын мамлекеттик күчтөрүнө каршы согушкан деп айыпталып жатканын жана күнөөлүү деп табылса 12 жылга соттолушу мүмкүн экенин жазган.

Азырынча Тажикстандын бийлиги Түркияда тажик жарандарынын кармалганы боюнча расмий комментарий бере элек.

Бул үй-бүлө 2015-жылдан бери Түркиянын Стамбулга жакын жайгашкан Кожаэли провинциясында жашайт жана бул өлкөдө жашап туруу укугуна ээ.

2014-2017-жылдары Түркия аркылуу Тажикстандын 2 миңге жакын жараны Сирия менен Иракка барып, “Ислам мамлекети” террордук тобунун катарында согушка катышканы кабарланган. Алардын көбүнүн тагдыры бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17