Аймак

МОСКВАДА ӨЗБЕКСТАНДЫК МИГРАНТТАР КАТЫШКАН ЖАПЫРТ МУШТАШ БОЛДУ

МОСКВАДА ӨЗБЕКСТАНДЫК МИГРАНТТАР КАТЫШКАН ЖАПЫРТ МУШТАШ БОЛДУ

 2,391 Бардыгы /

Москвада ашканадагы кезек талаштан улам мигранттардын катышуусунда жапырт мушташ чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, мушташ 16-ноябрда Москванын Свиблово районундагы Afi Tower курулуш аянтында болуп, ага 35-40 киши катышкан.

Мушташка байланыштуу полиция бөлүмүнө 37 киши, анын ичинде Өзбекстандын 35 жана Орусия менен Түркиянын бирден жарандары жеткирилип, алардын ондон ашыгы мушташтын активдүү катышуучусу деп табылган.

Бул факты боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, алты киши кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Дагы үч жаранга өлкөдөн күч менен чыгаруу тууралуу административдик чечим чыкса, калгандарына “ички иштер кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегени үчүн” айып пул салынды.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17