Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ДАГЫ МЫЙЗАМСЫЗ АҢЧЫЛЫК КЫЛУУ ФАКТЫСЫ АШКЕРЕЛЕНДИ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ДАГЫ МЫЙЗАМСЫЗ АҢЧЫЛЫК КЫЛУУ ФАКТЫСЫ АШКЕРЕЛЕНДИ

 1,314 Бардыгы /

Кыргыз Ресупбликасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аңчылык боюнча адиси менен биргеликте NABU-Кыргызстан уюмунун «Барс тобу» жана «Барс тобу-2» бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Сузак районунда мыйзамсыз аңчылыкка каршы атайын рейд өткөрүштү.

          Иш-чарынын жүрүшундө Чымчык-Жар айылында аңчылык кылып жүрүшкөн төрт жаранга текшерүү жүргүзүштү. Алардын үчөөнүн аңчылык кылууга жана мергенчилик курал көтөрүүгө уруксат кагазы бар экендиги, ал эми бирөөнүкү таптакыр жок экенидигианыкталган. Уруксаты барлар бир чөө, 19 жапайы көгүчкөн атышкан. Мындан улам уруксат кагазы жок Г.С. аттуу жарандын мергенчилик куралына акт түзүлүп, башкармалыктын курал сактоочу атайын жайына өткөрүлүп берилди. Ошентип, мыйзамсыз аң уулган жаран “Кыргыз Республикасынын Укук бузуу Кодекси” боюнча тиешелүү административдик айып пулун төлөөөгө мажбурланды.

          NABU-Кыргызстан уюму мамлекеттик тийиштүү органдар менен биргеликте ушундай рейддерди тынымсыз өткөрүп келатат. Алар буга чейин да мыйзамсыз аңчылыкка чыккан жарандарды аныкташкан. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү айыппулдар төлөнгөн. Уюмдун негизги максаттарынын бири – жергиликтүү тургундарга жапайы жаратылышка аяр мамиле кылууну түшүндүрүү болуп саналат.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17