Аймак

КАДАМЖАЙДА МАЙЫП КИШИНИ САБАГАН ЖАРАН ЖУМУШУНАН БОШОТУЛДУ

КАДАМЖАЙДА МАЙЫП КИШИНИ САБАГАН ЖАРАН ЖУМУШУНАН БОШОТУЛДУ

 573 Бардыгы /

          Баткен облусуна караштуу Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде майыптыгы бар адамга кол көтөргөн 62 жаштагы Б.К бригадир акыры кызматынан бошотулду. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүчүлүгүнөн билдиришти.

          Баткен облдустук бийлигинин маалыматына караганда, мекемелер аралык жумушчу топ бул окуя боюнча иликтөө атайын иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгына жараша дагы кошумча чечимдер кабыл алынмакчы. Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан иш Кадамжай РИИБсынын маалыматтарды электрондук каттоо журналына киргизилип, териштирүү жүрүп жаткандыгы, сабалды делген 32 жаштагы бейтап соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү жыйынтыгында юридикалык баа берилмекчи. Анткени. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы ушул жылдын 7-декабрында майыптар үйүндө майыптыгы бар адамдын таяк жегени тартылган тасма боюнча түшүндүрмө берген. ушуга ылайык, видео боюнча текшерүү жүргүзүп, окуя эки жыл мурда болгонун аныктаган жана андагы бейтапты уруп жаткан кишини тапкан. Буга улай 6-декабрда социалдык тармактарга тараган видео 2021-жылы кышында Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде тартылган. Тасма майыптар үйүнүн кызматкерлеринин ич ара келишпестигинен улам ачыкка чыгып кеткени дайын болду.
          Ал эми тасмадагы адамдарды текшерүү учурунда азыркы күндө аталган мекемеде бригадир болуп иштеген 62 жаштагы Б.К. 2021-жылы санитар болуп, суткалык күзөттө турганда, ал жерде дарыланып жаткан 32 жаштагы бейтапты качып кеткен жеринен таап келген. Мындан кийин аны коркутуп коюу максатында гана опузалагандыгын моюндады. Мыдан тышкары ушул жылдын 7-декабрында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри тарабынан кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында бардык социалдык стационардык мекемелерге видеокөзөмөл орнотуу боюнча тапшырма бергени кабарланган.

          Расмий маалыматка караганда. Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 211 миңден ашат. Алардын 37 миңден көбү – балдар. ЮНИСЕФ уюму Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82 пайыз өздөрүнүн эле жакындарынан, карап баккан адамдарынан психологиялык агрессиясына жана уруп-сабоого кабылышарын жылдык баяндамасында жар салган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17