Аймак

АБИБИЛЛА АЖЫ КАДЫРБЕРДИЕВ ОШ ОБЛУСУНУН КАЗЫЛЫГЫНА ДАЙЫНДАЛДЫ

АБИБИЛЛА АЖЫ КАДЫРБЕРДИЕВ ОШ ОБЛУСУНУН КАЗЫЛЫГЫНА  ДАЙЫНДАЛДЫ

 4,035 Бардыгы /

        Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Ош облусунун жаңы казылыгына Абибилла ажы Кадырбердиевди дайындады. Бул туурасында муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.

Абибилла ажы Кадырбердиев 1977-жылы 19-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жаңы-Жер айылында төрөлгөн. 1996-жылы Совет айылдагы № 72 кесиптик-техникалык окуу жайында «көркөм жасалгалоочу» адистиги боюнча билим алган. 2003-2007-жылдары Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы «Азирети Усман» медресесинде окуган. Ошондой эле Бишкектеги «Расул Акрам» ислам университетин бүтүргөн. Көркөм өнөр жана черчение мугалими, «Азирети Усман» медресесинин директорунун орун басары болуп иштеген. Жаңы-Жер айылынын «Имам Аьзам» атындагы мечитинде имам, Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылындагы «Имам Аьзам» медресесинде башкы мударрис, Жаңы-Жер айылынын «Алхаади» мечитинде имам-хатиб, Баткен облусунун казыятынын фатва бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Ош облусунун жаёы казысы  Абибилла ажы Кадырбердиев 2014-жылдын 4-мартынан баштап Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин мүчөсү болгон. 2021-жылдын 27-июлунан 2024-жылдын 5-апрелине чейин муфтийдин орун басары кызматын аркалаган. Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17