Аймак

ОШТО 30 ЖАШТАГЫ КЕЛИН ТӨРӨТ МААЛЫНДА ЖАРЫК ДҮЙНӨ МЕНЕН КОЙ АЙТЫШТЫ

ОШТО 30 ЖАШТАГЫ КЕЛИН ТӨРӨТ МААЛЫНДА ЖАРЫК ДҮЙНӨ МЕНЕН КОЙ АЙТЫШТЫ

 381 Бардыгы /

 Кыргызстандын Түштүк башкалаасында 1994-жылы туулган келин төрөттөн көз жумду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашева тастыктады.

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашеванын айтымында, келин ооруканага ушул жылдын 25-мартында абдан оор акыбалда түшкөн. Анын жүрөк кемтиги дагы бар экен. Андыктан, шашылыш түрдө кесарево жасалып, салмагы 2 килограмм 350 грамм болгон ымыркай ара төрөлгөн.

  • Келин жандандыруу бөлүмүндө эле. Ага карата бардык

иш-чаралар, тиешелүү консилиумдар өткөрүлүп, бейтаптын абалын эске алуу менен тар чөйрөдөгү адистер дагы чакырылган. Тилекке каршы, биологиялык өлүм 3-апрелде жүз берди. Бала 6-апрелге чейин реанимацияда болуп, неонатологдор аны оор абалдан чыгарууга аракет кылышты. Бүгүн ал неонаталдык патология бөлүмүнө которулду, акыбалы салыштырмалуу канааттандырарлык, түтүк аркылуу тамактанып, салмак кошууда, — деп кошумчалады Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашева.

Ошол себептүү бул окуянын негизинде атайын экспертиза дагы жүргүзүлүп, корутундусун күтүп жатышат. Быйыл жыл башынан бери жалпыга маалымдоо каражаттарында энелердин өлүмү тууралуу беш маалымат жарыяланган.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17