Аймак

ОШ ШААРЫНДА МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН «МАНАС АТА» КАФЕСИ БУЗДУРУЛУП ЖАТАТ

ОШ ШААРЫНДА МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН «МАНАС АТА»  КАФЕСИ БУЗДУРУЛУП ЖАТАТ

 351 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасында  мыйзамсыз курулган «Манас Ата» кафеси буздурулууда. Бул туурасында  Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Баса белгиленгендей, Ош шаарынын Аскар Шакиров көчөсүнүн №152 дарегинде жайланышкан бул жер 2018-жылы мамлекеттик экспертизанын оң кортундусу менен жеке менчик турак үй курууга берилген. Кийин жердин ээси Юлдашбай Нематов өзүм билемдик менен эки кабаттуу жеке менчик турак үйдү макулдашылган долбоордон тышкары кеңейтип, өз алдынча кафеге өзгөртүп алган. 2019-жылдын 9-апрелинде имаратта архитектуралык иш кагаздарын көрсөтүү боюнча текшерүүдө бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, четтетүү тууралуу эскертме дагы берилген. Бирок, бир нече жолу берилген бузууларды четтетүү тууралуу эскертменин талаптары аткарбагандыктан, ошол эле жылы 24-апрелде контролдук текшерүү актысы түзүлүп, Ош шаардык сотуна доо арыз берилген.

Ош шаардык соту мыйзамсыз кафе кожоюндарынын (Нематов Юлдашбай Эргашович жана Исакова Гульжан Мамытовна) өз эсебинен буздурулсун деген чечим чыгарган. Кийин кожоюндар аппеляциялык арыз менен сотко кайрылышып, алардын даттануусу канааттандыруусуз калтырылган.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17