Аймак

БАТКЕНДЕ КУТКАРУУЧУЛАР ҮЙДӨ БЕКИЛИП КАЛГАН НАРИСТЕНИ АМАН-ЭСЕН КУТКАРЫШТЫ

БАТКЕНДЕ КУТКАРУУЧУЛАР ҮЙДӨ БЕКИЛИП КАЛГАН НАРИСТЕНИ АМАН-ЭСЕН КУТКАРЫШТЫ

 903 Бардыгы /

        Соңку саатарда Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы Ленин көчөсүндө жайланышкан көп кабаттуу үйдүн батиринде бекилип калган эки жашар наристени куткаруу иштери жүргүзүлдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткару кызматына алгачкы маалымат «101» байланыш кызматына түшкөн. Жерине саат 10:11де №62-Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 офицер жана 2 куткаруучу тартылган. Натыйжада саат 10:21де эшикти ачып, наристени аман-эсен өз ата-энесине беришти.

Айтмакчы, ушул тапта наристенин ал-акыбалы жакшы. Жабыркагандар дээрлик жок.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17