Аймак

КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ӨЗБЕКСТАНДАН 26 ТОННАДАЙ ЖЕЗДИ МЫЙЗАМСЫЗ АЛЫП КИРҮҮГӨ АРАКЕТ ЖАСАГАН

КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ӨЗБЕКСТАНДАН 26 ТОННАДАЙ ЖЕЗДИ МЫЙЗАМСЫЗ АЛЫП КИРҮҮГӨ АРАКЕТ ЖАСАГАН

 903 Бардыгы /

     Кыргыз Республикасынын Түштүк-Батыш бажысы 26 тоннага жакын жезди өлкөбүзгө мыйзамсыз ташып келүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу мамлекеттик Бажы кызматынан билдиришти.

          Маалыматка караганда, мамлекеттик Бажы кызматынанконтрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргызстандын Т.А.А. аттуу жаранынын Volvo FH500 үлгүсүндөгү шектүү автоунаасын дароо токтотушкан. Тыкыр текшерүүнүн жүрүшүндө андан жалпы салмагы 25 миң 941 килограмм жез табылды. Товар Өзбекстандан аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан экен. Жүк дароо эле кармалып, убактылуу сактоочу кампага киргизилди. Товардын жалпы баасы Соода-өнөр жай палатасынын экспертинин корутундусуна ылайык 14 миллион 267 миң 550 сомду түздү. Ошентип, мамлекеттик бюджетке 2 миллион 546 миң 758 сом зыян келтирилген.

          Баса, соңку тапта аталган фактынын негизинде чогултулган материалдар бүт Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17