Аймак

ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНУНУН АКИМИ САРКЫНДЫ СУУ МАСЕЛЕСИНИН ЧЕЧИЛЭЭРИН УБАДАЛАДЫ

ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНУНУН АКИМИ САРКЫНДЫ СУУ МАСЕЛЕСИНИН ЧЕЧИЛЭЭРИН УБАДАЛАДЫ

 669 Бардыгы /

          Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов Азия өнүктүрүү банкы аркылуу Ысык-Көлдүн саркынды суу маселесин чечүү үчүн 64 миллион доллар бөлүнгөндүгүн шардана кылды. Ошондой эле, анын айтымында, быйыл Ысык-Көлдү жээктеп жөө басууга жана велосипед менен жүрүүгө ылайыкташтырылган 15 чакырым жол салуу пландаштырылууда.

          – Азыр Чолпон-Ата, Бостери жана Кара-Ой айыл өкмөттөрүнүн саркынды суу маселеси чечилип жатат. Тамчы айыл өкмөтүндө дагы бул жаатта көйгөй бар. Тору-Айгыр айылында жуунуу үчүн таза суу жок.! Бул маселе акырындан бара-бара жолго коюлат. Муну менен катар сейил бак жана эс алуу жайлары үчүн комплекстүү иштерди жасап жатабыз. Ысык-Көлдө суу транспортунун алдынан май, саркынды суулардын сарыгып чыгышы маселе жаратып келаткан. Негизи көл үстүн жана сууну башка, ал эми пляжды өзүнчө орган тейлейт. Мындан тышкары экологдор, экологиялык полиция жана суу транспортун көзөмөлдөө бар. Буга дейре бардык тармактар жоопкерчиликти өздөрүнө алуудан качып келишкен. Быйыл Ысык-Көлдө атайын штаб түзүлөт. Көл жээгин тейлеген органдар чогуу иш алып барсак, албетте, маселе жайгарылат. Ар бир тармактын жасай турган иши Жободо бекитилген. Бул жерде координациялык түзүм биригип, талаптар бузулса чечкиндүү кадамдарга барабыз! — деди Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов.

          Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов жергиликтүү бийликтин тейлөөчү кадрлары 100 миң адамга гана ылайыкталгандыгын дагы кошумчалады.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17