Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК СОТУНУН ЭКИ СУДЬЯСЫ КЫЗМАТ АБАЛЫН КЫЯНАТ ПАЙДАЛАНГАН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК СОТУНУН ЭКИ СУДЬЯСЫ КЫЗМАТ АБАЛЫН КЫЯНАТ ПАЙДАЛАНГАН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

 3 Бардыгы /

Жалал-Абад облустук сотунун судьялары К.К.Э., М.М.К. жана облустук соттун мурдагы судьясы У.К.М. Кылмыш-Жаза Кодексинин «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу» беренелери менен шек саналып кармалганы айкындалды.  

Судьялар Кеңеши ушул жылдын 2-ноябрында Башкы прокуратуранын сунуштамасын дыкаат карап, аталган судьядарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген. Анткени, К.К.Э. – Эстебесов Курал Калыгулович, М.М.К. – Кенжеев Марсел Майрамбекович экени айтылууда. Бул тууралуу Жогорку соттун, же Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы азырынча комментарий бере элек. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 24-ноябрда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы коррупцияга айыпталып, андан ары кармалгандыгын шардана кылган.

 Акыркы эки жыл аралыгында бир катар судьялар пара алууга жана коррупцияга шектелип кармалышкан. Алардын айрымдары соттун чечими менен айып пул төлөөгө милдеттендирилип, камактан чыгарылса, кээ бирлери толук акталган. Жогорку соттун судьясы Кыдык Жунушпаев Жогорку Кеңештин 15-майдагы отурумунда 2023-жылы судьяларга каршы 760 арыз түшүп анын негизинде 35 судья тартиптик жазага тартылып, дагы сегиз судья ар кандай жагдайда кыматынан бошотулгандыгын ырастаган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17