Аймак

МУФТИЯТ МАРКУМДУ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТУУ ЭРЕЖЕЛЕРИН КАМТЫГАН ФАТВА ЧЫГАРДЫ

МУФТИЯТ МАРКУМДУ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТУУ ЭРЕЖЕЛЕРИН КАМТЫГАН ФАТВА ЧЫГАРДЫ

 3 Бардыгы /

Маркумдун сөөгүн жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү жөнүндө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатвасы чыкты. Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелет. Фатвага муфтий Абдулазиз Закиров 20-февралда кол койду.

Ага ылайык, маркумду акыркы сапарга узатууда мал союуга, жыртыш таратып, кийит кийгизүүгө, эстеликтерди орнотууга тыюу салынды.

– Маркумдун үйүнөн алгачкы үч күн ичинде мал союлуп, келгендерге тамак-аш берүүгө тыюу салынат;

– Маркумга атап, үчтүк, бейшембилик, жетилик, жыйырмалыгы, кырктыгы, элүү экилиги, жылдыгы сыяктуу аталыштар менен мал союулар, тамак-аш берүү болбойт;

– Кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып “жыртыш” таратып берүү, “бел боо”, “ак кийди”, “көк кийди”- деген кийиттерди берүү ысырапкорчулукка жол берүү болот жана ага тыюу салынат;

– Мүрзөнүн үстүнө, мрамор таштардан, граниттен, темирден жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалгаланган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салынат.

Маркумду акыркы сапарга узатуу эрежелери

Шариятта каза болгон адамды жууп, кепиндеп, сөөгүн жайга коюу эрежелери так айтылган. Өлгөн адамды мүмкүн болушунча тезирээк жерге (кабырга) берүүнү шарият талап кылат. Ошондуктан маркумдун тууган-уруктарын тез арада чогултуп, кабырга коюуга шашуу керек. Эч бир себепсиз сөөктү 2-3 күн кармоо шариятка туура келбейт.

Маркумдун сөөгүн жайга коюу жана мүрзөлөрдү казуу эрежелери

– Исламда кабыр 1,5 метрден кем эмес, андан да тереңирээк, эки метрге чейин казылат. Эки мүрзөнүн ортосундагы аралык 0,50 см кем эмес болгону жакшы. Кабырдын үстүнө топурак тартылып, дөбө кылып үйүлөт. Ошондой эле минималдуу жазуулар жазылган жупуну белги коюуга болот. Шариятта мүрзөлөрдүн үстүнө, мрамор таштардан, граниттен жана темирден курулмаларды курууга жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалгаланган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салынат. Мүрзөлөрдүн үстүнө чептүү имараттарды курууга болбойт. Алланын алдындагы эң жакшы кабыр – бул эң жөнөкөй, ашыкча чыгымсыз кабыр. Мүрзөнүн үстүнө коюлган таштардан, мрамордон, граниттен, темирлерден маркумга эч кандай сооп дагы болбойт, пайдасы дагы тийбейт. Анын ордуна маркумга сооп жетип туруучу иштерди жасаган туура болот.

– Мусулман мусулмандын көрүстөнүнө коюлушу керек. Мусулмандардын көрүстөндөрүнө башка диндеги адамдын сөөгү коюлбайт. Ошондой эле мусулмандардын көрүстөндөрү башка диндердин өкүлдөрүнүн көрүстөндөрүнөн жол бөлүп туруусу зарыл, айланасы тосулуп, өз алдынча кирүү-чыгуу эшиктери болушу керек. Зарылчылык болбосо ар бир мүрзөгө тосмо коюуга болбойт, бирок зарылчылык болсо, анда ысырапкорчулуктан алыс болуп, жупуну бийиктиги 0,70 сантиметрден ашпаган жыгач тосмо жасоого уруксат берилет. Себеби, хадисте мүрзөдө басууга, анын үстүнө отурууга катуу тыюу салынган. Андан тышкары, жапайы жана жолбун жаныбарлар мүрзөдөгү сөөктөрдү казып чыгарып салуусуна жол бербөө үчүн орнотулат.

– Ар бир маркум үчүн өзүнчө мүрзө болушу керек. Бир кабырга бир нече өлгөн адамдарды көмүүгө зарыл болгон учурда уруксат берилет, мисалы, трагедиялуу окуялардын, аскердик операциялардын же эпидемиялардын натыйжасында, көптөгөн адамдар каза болгон учурларда. Мындай учурда денелердин ортосунда топурак тосмо жасалат.

– Эски жана колдонулбай калган көрүстөндөрдүн аймагын кайра колдонуу зарылдык болгон учурда гана уруксат берилет. Көрүстөндөгү сөөктөрдүн калдыктары көчүрүлүп, кайра башка жерге көмүлөт. Канча убакытта сөөк чирип жерге айлануусу боюнча, жер кыртышынын табигый курамы жана климаттык шарттарды эске алуу менен райондун адистери тарабынан аныкталат.

– Маркум каза болгон жерде жерге берилүүсү (мустахаб) жакшы. Зарылдыкка жараша сөөгүн өзү туулуп өскөн жерине алып барылса болот. Ошондой эле башка мамлекетте каза болгон маркумдун сөөгүн каза болгон жерде жерге берүү жакшы. Эгер өз өлкөсүнө алып келсе уруксат.

– Маркумдун сөөгү жерге берилгенден кийин казып чыгарылбайт жана башка жакка көчүрүлбөйт, бирок, мусулмандын сөөгү мусулман эмес мүрзөгө коюлуп калса, же көмүлгөн жер зордук менен тартып алынган жер болсо, башка бирөөнүн жерине уруксатсыз көмүлсө, мүрзө турган жерди сел каптоо, суу астында калып кетүү коркунучтары туулса, анда сөөктү башка жакка жылдырууга болот.

Маркумду узатуудагы ысырапкорчулуктун алдын алуу

– Ислам шариятында маркумду акыркы сапарга узатууда сөөк чыккан үйдө үч күнгө чейин казан асып, мал союлбайт, тамак берилбейт, сөөк чыккан үйдүн кошуналары ошол үйдөгүлөргө көңүл айтып, туугандары тамак алып келип туруусу жакшы иш. Бул кошуналардын жана туугандардын милдеттери. Жакын адамын жоготуп, кайгыга батып турган адамга, маркумдун короосундагы малын сойдуруп, аларга тамак жасатып, жеп олтуруу шариятка туура келбейт (макрух тахримий). Маркумдун артында чыркырап балакат жашына жете элек жетимдер калган болуусу мүмкүн. Мындай учурда жаназага келгендерге мал союп, тамак-аш уюштуруу арам болот. Өлүк чыккан жерде катар-катар мал союп, той сыяктуу тамак-аш берип, ысырапкорчулук кылууга тыюу салынган. Себеби, ушул үч күн шариятта тазия күндөрү деп эсептелинет. Тазия – аза күтүү дегенди билдирет. Бул күндөрү өлүк ээлерине көңүл айтып, сабырдуулукка үндөө керек. Маркумга артынан жакшылык кылуу, сооп багыштоо бир гана мал союп аш берүү менен чектелбейт. Анын ордуна токтобой сообу жетип турган садаканын сообу көбүрөөк болот. Мисалы мечит, медресе, мектеп, оорукана куруу, жол, көпүрө салуу, суу чыгаруу, бак отургузуу сыяктуу иштерди аткарса көбүрөөк сооп болот.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17