Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,064 Бардыгы / Абройлуу адистердин баамында, Ооогастанда акыркы жылдарда Ата Мекендик наркобарондор маңзат өндүрүүнүн көлөмүн ыраса көбөйттү. Бул аркылуу алар Борбор Азия чөлкөмүндө өз таасирин ого бетер күчөтүү максатында атайылап эле чоң башаламандык – жарандык согуш уюштуруудан дагы кайра тартышчуудай түрү жок. Бул арада ЕвроБиримдик Эл аралык Уюмунун атайын өкүлү Пьер МОРЕЛ Дүйнөлүк эң абройлуу жалпыга […]
1,065 Бардыгы / Абройлуу адистердин баамында, Ооогастанда акыркы жылдарда Ата Мекендик наркобарондор маңзат өндүрүүнүн көлөмүн ыраса көбөйттү. Бул аркылуу алар Борбор Азия чөлкөмүндө өз таасирин ого бетер күчөтүү максатында атайылап эле чоң башаламандык – жарандык согуш уюштуруудан дагы кайра тартышчуудай түрү жок. Бул арада ЕвроБиримдик Эл аралык Уюмунун атайын өкүлү Пьер МОРЕЛ Дүйнөлүк эң абройлуу жалпыга […]
ООГАН НАКОБАРОНДОРУ БОРБОР АЗИЯДА БАШАЛАМАНДЫК УЮШТУРУУГА КЫЗЫКДАР
16.06.2020 / Автор aymak

1,066 Бардыгы /
Абройлуу адистердин баамында, Ооогастанда акыркы жылдарда Ата Мекендик наркобарондор маңзат өндүрүүнүн көлөмүн ыраса көбөйттү. Бул аркылуу алар Борбор Азия чөлкөмүндө өз таасирин ого бетер күчөтүү максатында атайылап эле чоң башаламандык – жарандык согуш уюштуруудан дагы кайра тартышчуудай түрү жок.
Бул арада ЕвроБиримдик Эл аралык Уюмунун атайын өкүлү Пьер МОРЕЛ Дүйнөлүк эң абройлуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн кабатырлануусун төмөнкүчө жар салды.
– Соңку мезнилде Оооганстан наркобарондору маңзат өндүрүүнүн көлөмүн эбегейсиз көбөйтүштү. А мунун артында Дүйнөлүк Чоң Күчтөр тургандыгын жашыруунун деле кажети жок! Анткени, аймактагы таасир талаш жана маңзаттын ири партиясын Оооганстан-Тажикстан-Кыргызстан аркылуу чет өлкөлөргө эптеп ташып чыгаруунун камын жегендер а түгүл бул Аймакта массалык башаламандыктарды уюштуруудан деле кайра тартышчудай эмес! Ошону үчүн Борбор Азия республикаларынын Президенттери өз ара тирешпестен, тескерисинче, чукул жыйын курушуп, ал ортодо чек араларын кыдырыта кайтарууну жана тосууну күчөтүү гана абзел! – дейт ЕвроБиримдик Эл аралык Уюмунун атайын өкүлү Пьер МОРЕЛ.
Борбор Азияда кырдаал анчалык деле жакшы эместигин Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУнун) мурунку Баш катчысы Николай БОРДЮЖА деле жашырбайт.
– Наркокырдаал Борбор Азия чөлкөмүндө, мунун ичинде, чынында, Кыргызстанда көңүл жубатаарлык эмес! – деп чындыкты моюндадыЖККУнун мурунку Баш катчысы Николай БОРДЮЖА. – Анткени, Кыргызстандын Түштүк жергеси – Дүйнөдөгү эң эле ыңгайлуу наркокоридор. Ал аркылуу контрабандалык жолдор менен алыскы жана жакынкычет өлкөлөргө Ооган маңзаты байма-бай гана ташылып келатат. Ошол себептүү ЖККУнун 21 миңдей аскери «Канал-Патруль» операциясын тынымсыз эле жүргүзүп жатпайбы. КМШ жана ЖККУ өлкөлөрүнүн, албетте, мындан башка аргасы жок! Эң өкүнүчтүүсү: Ооган наркобарондору акыркы жылдарда маңзат өндүрүүнү ого бетер күчөтүштү.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ачык моюндагандай, өлкөдө баңгиликтин абалын бир кылка деш өтө кыйын. Анткени, өлкө боюнча жыл сайын канчалаган маңзат ташылып жаткандыгы жөнүндө алигүнчө так маалымат жок! Бирок, Түндүк багытында – Оооганстан-Тажикстан-Кыргызстан аркылуу маңзат соодалоодо заманбап технологиялар дагы абдан катуу өздөштүрүлгөн.Маселен, кылмышкерлер Messenger (Skype, WhatSapp) аркылуу гана СМС жазышып, “Товар бул жерге катылды» деп гана коюшат. Анан товарды тигилер алышканда гана чабармандар электрондук капчыктарга (WEbMoney) акчаны опоңой которуп коюшат.Албетте,мунун бардыгын иликтөө абдан эле кыйын.Кылмышкерди колуң менен кармабагандан кийин, мыйзамсыз жоругун кантип далилдейсиң? Ошондуктан, бардык күч органдары Кыргызстандасоңку тапта маңзат ташыгандар менен эмес, наркобарондор менен күрөшүүгө батыл киришишти.
Ата Мекендик серепчилер алдыдагы өлкөбүздөгү шайлоолор маалында кыргызстандыктарды тышкы арам ойлуу күчтөргө эч азгырылбоого үстөкк-босток үндөп жатышат.
– Кыргызстандын Саясий Элитасы Борбор Азиядагы Тышкы Күчтөр аларды ар кандай теңирден тескери кадамдарга түртүшөөрүн айттырбай билишкени оң! Ошону үчүн алдыбыздагы саясий күрөштөрдө – Жергиликтүү жана Жогорку Кеңештердин шайлоолорунда сырткы ар кандай арам ойлуу Тышкы Күчтөргө эч качан азгырылбоосу кажет! Анткени, мындай таймаш жана ачык тирешүү акырындап Борбор Азияны Дүйнөлүк гибрид согушунун плацдармына гана айлантат! – деп коңгуроо какты саясат тааануучу Марс САРИЕВ. – Анткени, Оооганстанда тегиз баш көтөрүшкөн наркобарондор, ИГИЛ жана талибандар эми жөн жатышпайт. Эң өкүнүчтүүсү: Кыргызстан ушул тапта гибрид согушана таптакыр даяр эмес! Курал-жарактарыбыз жана аскердик техникалараыыз бүт эбак эскирген. Баарын тең заман талабына жараша жаңылоо абзел! Ансыз бул айыгышкан кармашта жеңип чыгаарыбыз күмөн!
Канеткен күндө дагы, ирегелеш өлкөлөр дагыле тынч эмес. Алардагы айыгышкан согуш басылбаса, кесепети эртедир-кечтир бизге, Кыргызстанга деле сөзсүз тийээри талашсыз. Андыктан, Кыргызстандык Улуттук Коопсуздук Комитети бул өңүттө тынымсыз жана абдан ургаалдуу иштеши кажет!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
-
14.01.2025 / Автор anarkan_kg МАЙ АЙЫНДА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНА БОЛГОН БАА ЖОГОРУЛАЙ ТУРГАНДЫГЫ АЙТЫЛДЫ
-
23.01.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫН АЙЛАНЫП ӨТҮҮЧҮ ЖОЛДУН КУРУЛУШУ БЫЙЫЛ БАШТАЛАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.