Аймак

УШУНДАЙ ДА МЕРЕЗСИҢБИ, СЕН СҮЙҮҮ?!

УШУНДАЙ ДА МЕРЕЗСИҢБИ, СЕН СҮЙҮҮ?!

 2,612 Бардыгы /

“Сен – банкирим, сен – вампирим, сен – пирим,

Сенин мен деп тозду көйнөк, жемпириң.

Сендей мага күн да жарык чачалбайт,

Сен ооруба, мен ооруюн кемпирим”

Дүйшөн Жапаров – акын

 (Аңгеме)

Жай саратанындагы айлуу түндө айыл четиндеги көк майсаңда кыз-жигит миң түркүн гүл жыты буркураган айдың талаада сырдашып жатты.

– Сен менин чүрөгүмсүң, менин махабатым, Айдайым. Менин сага болгон ак сүйүүмдү кабыл албасаң мен ачык асман алдында, кара жерде басып жүрө албаймын. Андан көрө жаңгакка аркан илип, мойнума сыйыртмак салып, асылым өлгөнүм артык. Жароокерим менин, сенсиз мага жашоо кунарсыз, туңгуюк жана караңгы,- деди жалбарган Жаныбек.

– Кой, андай дебе, сенин пешенеңе дагы кайсыл бир сулуу чүрөктү кудайым буйругандыр. Асынып аламын деп мени коркутпа, шайтандын азгырыгына илинип, алданба,- деди чырайлуу пери кыз.

– Жок, менин жүрөгүм бир гана сен деп согот. Ишенгиниң Айдайым, мага тийсең мен сени бактылуу кылууга ант беремин, жигиттик сөзүм, сен каалагандын бардыгы аткарылат, айтканыңдын баарын жасаймын. Кааласаң асмандагы айды алып берүүгө даярмын.

Айдай кыткылыктап жыргай күлүп:

– Кызык, асмандагы айды алып беремин дейсиңби, мунуң накта жомок ко?

– Бул деген ашыктык дартына чалдыккан жигиттердин төл сөзү болгону менен, менин сөзүмдө желге учпаган чындыктын өзөгү жатпайбы,- деди Жаныбек

– Өзүң билесиң, атамдын үйүр-үйүр жылкылары, ондогон бодо малдары бар, ал эми кой-эчкилеринин санын атамда билбесе керек. Кудай буйруса, атам калыңды элден дагы ашырып берет. Каныша сымал кем-карчы жок, телегейи тегиз, бактылуу өмүр сүрөсүң, каалаганыңды жейсиң, каалаганыңды ичесиң, каалаганыңды кийинесиң, керек десең сени алтынга ороп, күмүшкө чүмкөп саламын,- деди жигит чын дилинен жан үрөй.

– Жаныбек, туура тушүнсөң боло байболгур, байлык эч нерсени чечпейт. Алтын менен күмүшүң болгону баалуу гана зат. Байлык деген келет, кетет, ал колдун кири сымал. Жүрөк кургур бассам-турсам башканы эңсеп, аны гана көксөп, ошону гана самап жатпайбы. Ырас, ал жигит менин ага болгон тунук жана аруу сезимимди азырынча билбейт. Кыздык ар-намысым “мен сени сүйөмүн” деп алгач айтууга түк жол бербейт, андай кадамга барбаймын дагы,- деди кыз сумсайыңкы.

– Балким, сен ал бозойго жакпай калаттырсың, менин сунушумду, колуңа өзү келип конгон бакыт кушун учуруп жибербегин. Кийин бармагыңды тиштеп, өмүр бою аттиң кылып, бул турмуштан өз теңиңди таппай, арманда калып, жашоодо сыздап, өксүттө өтүп кетип жүрбөгүнүң,- деди жигит өктөм.

– Туура айтасың, бул сөзүңдө эч калет жок, сен айткандай болушу да толук ыктымал. Андай болсо, тагдырдын жазмышына моюн сунбаска, ага баш ийип, көнбөскө аргам жок. Сезсең боло, жүрөктү күчкө салып, өкүмзордук менен кимдир бирөөнү зорлоп сүйдүрүү дегеле акылга сыйбаган нерсе. Экөөбүз бул жашоодо сыйлашкан жана кадырлашкан ынак достордон болуп кала берели, суранамын, менден эч качан капа болбогунуң,- деди Айдай.

– Эгерде менин сүйүүмдү кабыл албай, четке кагып, түртчү болсоң, анда менин бул дүйнөдө жашабаганым эле оң. Мындай кордукка, мындай азапка чыдай албаймын,- деген Жаныбек алгач бышактап, анан акырындай бошошуп, өзүн жоготуп, кадимкидей шолоктоп ыйлап кирди.

– Кой, Жаныбек, сен деген жигитсиң, жигиттик намысың кана? Бозойго ыйлаган түк жарашпайт. Садагасы, кудайым сенин пешенеңе дагы бир периштени жазгандыр. Кыз жагымдуу жыпар аңкыган кооз жүз аарчысы менен баласын соороткон энедей жигиттин көз жашын арчып кирди.

– Акыркы жолу суранамын, керек болсо алдыңа чөк түшөйүн, менин ак сүйүүмдү тепселеп кордобо, аны четке какпа, жалынып-жалбарып суранамын, сенден өтүнөмүн. Эмне десең баарын аткарууга даярмын, көзүңдүн агы менен патпаректей тегеренейин, бал татыган тилиңден макул деген гана бир ооз жылуу сөзүңдү күтөмүн,- деген жигит дале басыла албай шолоктоп, денесин калтырак басып, тулку бою кадимкидей титиреп, көз жашын көлдөткөнүн токтото албай, сулууга дале жалбарып жатты.

– Кой, антип бошошпо, Жаныбек, сүйүү эки тараптан бирдей болбосо ал түбү барып кор болот. Өзүмдү мажбурлап, жүрөгүмдү күчкө салып, сени сүйө албаймын. Башыңды бийик көтөр, сен жигитсиң, жигиттик ар-намысыңды сакта. Жигиттин пири Шаймердендин алдында уят болбогун. Сендей келбети келишкен, сендей жылдыздуу жигитке далай кыздар өздөрү ашык болушар, артыңдан калбай чуркашар,- деген назик жароокер, чырайы жан дүйнөсүнө жарашкан Айдай Жаныбекти сооротууга далбас урду.

– Сүйүүгө келгенде пешенемди накта ат тепкен кейбир шордуу, жеткен бактысыз бечара, сүрүлүп калган какшаал белем,- деген жигит ого бетер күчөп, ансайын озондоп ыйлап кирди.

– Койчу, ыйлабачы садагасы, сенден өтүнөмүн, менин дагы жүрөгүмдү сыздатып, эзип жибердиң, мен ишенемин, сага менден дагы сулуу перизат жолугат. Мага айткан ширин-ширин сөздөрдү, кабат-кабат берген убаданы ошол белгисиз периштеге арнагын. Кош бол, Жаныбек, бул турмушта бактылуу бол, өз түгөйүңдү тапкының- деген Айдайдын карааны айлуу түндө ак көйнөгү кылактап, түн койнуна акырын сиңип кетти. Кыз кеткен тарапка караган картаң ала дөбөт чочугандай борс этип үрүп койду.

Чүрөктөй болгон сулуу кыз узап кеткен соң, көк майсаң чөпкө көмкөрөсүнөн кулаган Жаныбек далысын солкулдатып, оо көпкө дейре басыла албай, далайга шолоктоп ыйлады. Ал деңизден жээкке чабылып, кургакка чыгып калган балыктай өзүн коёрго жер таппай туйлай ооналактап, ашыктык арманынан, сүйүүнүн күйүттүү өксүгүнөн улам ички жан дүйнөсүн жарып чыккан бугун көз жашынан чыгарып жатты.

Жаныбекти эрчип келген картаң ала дөбөт ээсинин кайгы-азапка, күйүткө батканына макулук болсо дагы чокчойо көз салып, жан сакчыдай таштап кетпей, караан болуп катарында турду. Буга чейинки керемет кооз болуп жымыңдаган асмандагы жылдыздар, сырдуу айлуу түндүн азгырыгы, булбулдун безелене сайраганы, анда-санда үн созгон сүтак, чегирткелердин түнкү сайраны, түн аңчысы болгон үкүнүн гүүгүлөгөн добушу Жаныбек үчүн текейге арзыбай, кулагына бир гана саздагы бакалардын бакылдаган үндөрү жаңырып турду. Жылдыздар сээлдеп, таң куланөөк салганда, айлана-теребел агара баштаганда көп ыйлагандан улам көзү муштумдай болуп шишиген Жаныбек үйүн карай акырын илкий кадам шилтеди. Анын артынан кадам калбай, акактап тилин салаңдаткан картаң ала дөбөт эрчип баратты…

… Билинбей арадан алтымыш жыл өттү. Сексенге жакындап калган кадырлуу абышка Жаныбек оорубай-сыркабай жүрүп, капилеттен эле аламандын чак түшүндө жаны үзүлүп, кайтыш болуп кетти. Анын жакын туугандары менен айыл эли сөөк коюунун зыйнатына камылга кылышып, опурап-топурап, кымгуут түшүп калышты. Айыл эли маркумду жерге татыктуу каада-салт менен узатуунун ариетине астейдил кам көрө баштады. Пендечиликке баш ийген маркум чындыгында андай сый-урматка татыктуу болчу. Бир кезде, арзып сүйгөн ашыгына жетпей калган армандуу махабатын маркум өзү менен кошо биротоло алып кетти. Шашылыш тигилген боз үйдүн босогосун тегеректеген Жаныбектин алты уулу жана неберелери батага келгендерди өкүрүк менен тосуп алып жатышты. Ал эми оймо-чиймелүү кооз жасалган боз үйдүн ичинде болсо Жаныбектин кемпири Суусар, төрт кызы менен кошок кошуп, сөөк сыздата боздой маркумду жоктоп жатышты…

Жолдошбай ОСМОНОВ, жазуучу

Жалал-Абад шаары, 2020-жылдын май айы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17