Аймак

ОШ ШААРЫНДА ТАЗА СУУ КАНАЛДАРЫ БҮТҮНДӨЙ ТАЗАЛАНДЫ

ОШ ШААРЫНДА ТАЗА СУУ КАНАЛДАРЫ БҮТҮНДӨЙ ТАЗАЛАНДЫ

 6 Бардыгы /

        «ОшШаарСууКанал» муниципалдык ишканасы кыш мезгилине толук бойдон дардаяр! Бул жөнүндө аталган ишкананын башкы инженери Ормош Осмонов шардана  кылды.

– Суу алуучу дамбалардын шлюздары техникалык кароодон жана тыкыр текшерүүдөн өткөрүлдү. Каналдардын баардыгы тегиз тазаланып, толук бойдон зхыянсыздандырылды! – деп кошумчалады        «ОшШаарСууКанал» муниципалдык ишканасынын башкы инженери Ормош Осмонов. – Мындан тышкары суу тазалоочу бекеттердин айрым эскирген тетиктерин бүтүндөй жаңыладык.

Ош шаарында ушул тапта ички-тышкы миграцияны кошкондо дээрлик миллионго чукул адам жашайт. Буларды таза суу менен жана жетиштүү камсызүрдө  кылуу жыл сайын олуттуу көйгөйгө айланып баратат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17