Аймак

ЗАМАНБАП КЕСИПТЕРГЕ ДАЯРДАШАТ

ЗАМАНБАП КЕСИПТЕРГЕ ДАЯРДАШАТ

 6 Бардыгы /

Тарыхына терең үңүлсөңүз. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршап кыштагындагы Кулназар ТАШИЕВ атындагы №62-кесиптик лицей тээ өткөн кылымда, 1940-жылы Ош шаарында негизделген. Анан Араван районуна которулуп, Айыл чарбасын мезаниазациялаштыруу мектебине айландырылган. 1955-жылы ошогездеги Кыргыз ССР Министрлер Советинин (азыркы Кыргыз Өкмөтүнүн) чечимине ылайык Өзгөн районунун Куршап айылына көчүрүлүп, №3-СПТУ (айылдык кесипчилик техникалык окуу жайы – КТОЖ) аталган. 1993-жылдын 5-январында №62- КТОЖго айландырылган. Ал эми 1994-жылдын 11-июнунда бул КТОЖго – азыркы   №62-кесиптик лицейге көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Кулназар ТАШИЕВдин ысымы ыйгарылган.

        Расулжан ЖУНУСАЛИЕВ, Өзгөн районуна караштуу Куршап кыштагындагы Кулназар ТАШИЕВ атындагы №62-кесиптик лицейдин ага устаты: – Мен өзү дал ушул жерден агарып, көгөрдүм десем эч жаңылышпаймын. Көп жылдык мээнетимдин акыбети кайтып, кудайга шүгүр, ушугезде эмгегимден баар гана таап олтурам. Соңку тапта Эл аралык Уюмдар менен ишгтешүүнү ыраса активдештирдик. Маселен, БУУнун Өнүктүрүү Программасы бизге автомобиль айдоочу жабдыктарды сатып алганга каралашты. Ал эми Германия өлкөсүнөн грант утуп, заманбап күнөсканабызды дагы моминтип жаңыладык. Анда эң мыкты үлгүдөгү жер-жемиштерди жыл бою өстүрүп жатабыз.

        Бекбол АСИЛБЕКОВ, Өзгөн районуна караштуу Куршап кыштагындагы Кулназар ТАШИЕВ атындагы №62-кесиптик лицейдин 1-курсунун курсанты:

– Мен ушул тапта автоэлектрик кесибине окуп жатамын. Өзүм Өзгөн районуна караштуу Шоро-Башат кыштагынанмын. Биздин айылда деле автоунаа айдагандар уламдан улам көбөйүп гана баратат. Тилекке каршы, техника тез бузулат. А айдоочулары машинасын оңдоп-түзөгөндү таптакыр эле билишпейт. Куда кааласа, мен окуумду ийгиликтүү аяктагандан кийин айылымда – Кичи Мекенимде автоцех ачып, үзгүлтүксүз гана иштетемин.

        Диана КАПАРОВА, Өзгөн районуна караштуу Куршап кыштагындагы Кулназар ТАШИЕВ атындагы №62-кесиптик лицейдин 1-курсунун курсанты:

Тигүүчүлүккө бала кезимден эле ынтызармын. Анын үстүнө Кыргызстандын баардык булуң-бурчунда жеңил өнөр жайы бара-бара нугуна түшүп баратпайбы. Мен деле өз айылымда чакан цех ачып, андан ары иштетип, анда тигилген кийим-кечелерди Орусияга жана башка чет өлкөлөргө дагы байма-бай экспорттомокчумун. Өзүм эле тиричилигимди тыңдабастан, кыштагымдагы жумушсуз кыз-келиндерди дагы туруктуу иш менен камсыз этмекчимин.

        Айзирек ТАИРБЕКОВА, Өзгөн районуна караштуу Куршап кыштагындагы Кулназар ТАШИЕВ атындагы №62-кесиптик лицейдин 1-курсунун курсанты:

– Эч ким мага кийлигишкен жок. Кеңеш деле беришпеди. Мен тигүүчүлүктү өзүм гана иргедим. Эң башкысы: окуумду бүткөндө жумушсуз калбаймын. Мага каерде болбосун сөзсүз туруктуу иш табылат, эй!

        Султанбек ДЖОЛДУБАЕВ, Өзгөн районуна караштуу Куршап кыштагындагы Кулназар ТАШИЕВ атындагы №62-кесиптик лицейдин окуу-өндүрүштүк устаты: – 45 жылдан бери, мындайча айтканда, дээрлик жарым кылымга тете ушул гана лицейде үзгүлтүксүз эмгектенип келатамын. Биз соңку кездеКыргызстандын өнөр жайы жана дагы Айыл чарбасы эң эле көп керектеген адистерди сапаттуу белендегенге бекем ыктадык. Анан мындан өзүбүз деле утуп атабыз. Окуу жайыбыз токтоп калган, же жабылган жок! Уламдан улам өсүп-өнүгүү жана өркүндөө жолунда гана баратат.

        Жыпар СОПОНОВА, Өзгөн районуна караштуу Куршап кыштагындагы Кулназар ТАШИЕВ атындагы №62-кесиптик лицейдин устат-мугалими:

– Менин эмгек стажым 16 жылды чапчыды. Эми гана жумушума чындап гана дасыктым десем эч жаңылышпаймын. Мактангандык эмес, чындык! Биздин бир дагы бүтүрүүчүбз ишсиз кала элек…

        Роза МУСАБАЕВА, Өзгөн районуна караштуу Куршап кыштагындагы Кулназар ТАШИЕВ атындагы №62-кесиптик лицейдин өндүрүштүк устаты: – Биздикилер деле чет элдиктерден эч калышпастан,ар бир айылда деле кафе-ресторан жана ашкана, чайкана куруп иштетип жатышпайбы.Бирок, баарында тең кадрлар дагыле таңкыс. Ушуну бекем эске тутуп, мыкты ашпозчуларды дагы кошо даярдап келатабыз…

        Рахат КАМБАРДИНОВА, Өзгөн районуна караштуу Куршап кыштагындагы Кулназар ТАШИЕВ атындагы №62-кесиптик лицейдин директору:

– Биздин лицейибиз эки жылдык мөөнөттө электр  жана газ ширетүүчүлөрдү, электрмонтерлорду, тигүүчүлөрдү, ашпозчуларды, ал эми кыска аралыкта – үч айда автомобиль оңдоочуларды, тракторист-машинисттерди, тигүүчүлөрдү, жыгач усталарды, электр жана газ ширетүүчүлөрдү даярдаганга ыраса ыктадык. Кудайга шүгүр, бүтүрүүчүлөрүбүз чекесинен жеңил эле иш таап кетип атышат.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

        Айтмакчы, Кулназар ТАШИЕВ – көрүнүктүү мамлекеттик, чарбалык жана саясий ишмер. 1919-жылы Өзгөн районундагы Куршап кыштагында төрөлгөн.

Совет доорунда (СССР маалында)  Комсомолдун Куршап райкомунун катчысы, партиянын Куршап райкомунун экинчи катчысы, Куршап райондук аткаруу комитетинин төрагасы, Ош облусунун айыл чарба башкармалыгынын жетекчиси, партиянын Араван райкомунун бирчни катчысы, Жалал-Абад облустук аткаруу комитетинин төрагасы, Өзгөн, Ош жана Ленин райкомунун биринчи катчысы кызматтарын абийирдүү аркалаган. Ара чолодо Улуу Ата Мекендик согушка дагы катышкан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Өзгөн району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17