Аймак

ЖАСАЛМА ИНТТЕЛЕКТ КЭЭ БИР КЕСИП ЭЭЛЕРИН ЖУМУШСУЗ КАЛТЫРАТ

ЖАСАЛМА ИНТТЕЛЕКТ КЭЭ БИР КЕСИП ЭЭЛЕРИН ЖУМУШСУЗ КАЛТЫРАТ

 6 Бардыгы /

        Өлкөбүздө кеңири тараган Camma Al, Claunde Al. School, ChatGPT өңдөнгөн жасалма интеллектер айрым кесип ээлдерин бара-бара жумушсуз гана калтырат. Бул туурасында ОшМУнун математика, физика, техника жана маалымат технологиялары институтунун автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасынын улук окутуучусу Гүлнара ИМАМАЛИЕВА ачыктады.

– Көптөгөн кесиптерди автоматташтыруу аркылуу фабрикалардагы өндүрүш, кардарларды тейлөө жана дагы такси айдоо тармагында эмгектенишкендер мындан ары жумушсуз калышат, – деп тызылдады ОшМУнун математика, физика, техника жана маалымат технологиялары институтунун автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасынын улук окутуучусу Гүлнара ИМАМАЛИЕВА. –  Албетте, бул өңүттө баарынан мурда Кыргыз Өкмөтү эмитен баш оорутууга тийиш!

        Адис Гүлнара ИМАМАЛИЕВАнын баамында, Жасалма Интеллект жапжаңы кесиптерди, буга улай заманбап жумуш орундарын дагы жаратат. Ага ыкчам ыктагандар, албетте, утушат!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17