Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,764 Бардыгы / Бүгүн, 2020-жылдын 15-июнь күнү КРдин Өзгөчө кырдаалдар министригинде Өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 94 жылдыгы өткөрүлдү. Иш-чарага өрт өчүрүү тармагында кесип аркалаган ардагерлер, ӨКМдин жетекчилиги, министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктардын башчылары, өздүк курам катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ардагерлерди жана өздүк курамды жылуу куттуктап, калоо-тилектерин айтып өттү. “Урматтуу ардагерлер, урматтуу өрт […]
1,765 Бардыгы / Бүгүн, 2020-жылдын 15-июнь күнү КРдин Өзгөчө кырдаалдар министригинде Өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 94 жылдыгы өткөрүлдү. Иш-чарага өрт өчүрүү тармагында кесип аркалаган ардагерлер, ӨКМдин жетекчилиги, министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктардын башчылары, өздүк курам катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ардагерлерди жана өздүк курамды жылуу куттуктап, калоо-тилектерин айтып өттү. “Урматтуу ардагерлер, урматтуу өрт […]
ӨРТКӨ КАРШЫ КЫЗМАТЫНЫН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН 94 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
16.06.2020 / Автор orozalieva

1,766 Бардыгы /
Бүгүн, 2020-жылдын 15-июнь күнү КРдин Өзгөчө кырдаалдар министригинде Өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 94 жылдыгы өткөрүлдү. Иш-чарага өрт өчүрүү тармагында кесип аркалаган ардагерлер, ӨКМдин жетекчилиги, министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктардын башчылары, өздүк курам катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ардагерлерди жана өздүк курамды жылуу куттуктап, калоо-тилектерин айтып өттү.
“Урматтуу ардагерлер, урматтуу өрт өчүрүүчүлөр! Тилсиз жоо менен алпурушуп, адамдардын өмүрүн жана материалдык-баалулуктарды сактайсыдар. 2020-жылдын 5 ай аралыгында өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 30% азайган, бул да болсо жалпыбыздан өрттү алдын алуу аракеттеринин натыйжасы десем жаңылышпаймын. Алган сыйлыгыңыздар куттуу болсун, мен сиздер менен сыймыктанам, урматтуу өрт өчүрүүчүлөр”, -деди министр З.Аскаров.


Андан соң өрт өчүрүү тармагында иштеген ӨКМдин ардагерлери жана өз кызматын мыкты, моралдык-ишмердүүлүк, кесиптик жана жеке сапаттары менен өзгөчөлөнгөн өрт өчүрүүчүлөр министрликтин ведостволук төш белгилери, “Ардак грамота” жана башка сыйлыктары менен сыйланышты.
Кошумчалай кетсек, 2020-жылдын 5 ай ичинде республика боюнча 828 өрт кырсыгы катталып (2019-ж. 1193), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 30,6% азайган.
Тарых баракчалары:
1926-жылы 20-майда Фрунзе шаардык кеңеши шаар аймагында профессионалдык өрткө каршы түзүм уюштурууну токтом менен кабыл алынган. Бирок акча каражаты жетишпегендиктен шаар чарбасынын керексиз буюмдарын сатып, сатыктан түшкөн каражатка өрткө каршы каражаттарды сатып алуу чечими кабыл алынган. Ушул багыттагы иш аракеттердин баары 1926-жылдын 15-июнуна даяр болгон. 1926-жылдын 10-июнунда «Крестьянский путь» шаардык гезит беттерине 15-июнда Кошчу көчөсүндө биринчи шаардык өрткө каршы команда түзүлгөндүгү жана ачылышы болорун жарыяланган. 15-июнь күнүн Өрткө каршы кызматтын туулган күнү деп эсептелинип калган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1994-жылы 28-октябрда № 795 Токтому менен бул күн «Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын күнү» деп бекитилген.
«Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Өрткө каршы мамлекеттик кызматын реформалоо боюнча» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 24-август айындагы Жарлыгынын негизинде 2003-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын өздүк курамы, баш ийген аймактык бөлүктөрү ошондой эле өрт техникалары жана байланыш бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүп берилген, бүгүнкү күндө ӨКМдин курамында.
Статистика
2020-жылдын 5 ай ичинде республика боюнча 828 өрт кырсыгы катталып (2019-ж. 1193), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 30,6% азайган. Өрттүн кесепетинен 8 адам каза таап (2019-жылы 26 адам), жана 12 адам жабыркаган (2019-жылы 33). Өрттөн 21 адам куткарылган. 529 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 63,9 % түзгөн.
Өрттөрдүн негизги себептери:
электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -43,1%;
мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 15,7%;
отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 14,6%;
балдардын от менен ойноосуунан – 4,8%, өрт кырсыгы болду.
Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:
• Бишкек шаарында – 141;
• Чүй облусунда – 215;
• Ош облусунда – 111;
• Жалал-Абад облусунда – 102;
• Ысык-Көл облусунда – 103;
• Нарын облусунда – 40;
• Талас облусунда – 38;
• Ош шаарында – 23;
• Баткен облусунда – 55 өрт катталган.
“Аймак”
Автор orozalieva
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
-
17.12.2024 / Автор anarkan_kg ЖЕТИМ БАЛДАР ЖЕР ТИЛКЕСИНЕ ЭЭ БОЛУШТУ
-
29.12.2024 / Автор anarkan_kg ОБЛУС БАШЧЫ ПАКИСТАНДЫН ЭЛЧИСИ ХАСАН АЛИ ЗАЙГАМ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.