Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК – ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫГЫБЫЗ
МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ АВТОБЕКЕТ ИШКЕ КИРЕТ
МАНАС ШААРЫНДА 500 ОРУНДУУ МЕКТЕП КУРУЛУУДА
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
964 Бардыгы / Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси жана башка жоопкерлер Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук агенттигинен (NCA) 1,5 миллион фунт стерлинг (1,85 миллион доллар) чыгымды кайтарып берүүнү талап кылышты. Бул тууралуу Reuters кабарлады. Талап Нурали Алиев жана анын апасы Дарига Назарбаева жеңип чыккан сот ишине байланыштуу. Быйыл 8-апрелде Лондондун Жогорку соту Назарбаевдин […]
965 Бардыгы / Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси жана башка жоопкерлер Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук агенттигинен (NCA) 1,5 миллион фунт стерлинг (1,85 миллион доллар) чыгымды кайтарып берүүнү талап кылышты. Бул тууралуу Reuters кабарлады. Талап Нурали Алиев жана анын апасы Дарига Назарбаева жеңип чыккан сот ишине байланыштуу. Быйыл 8-апрелде Лондондун Жогорку соту Назарбаевдин […]
НАЗАРБАЕВДИН НЕБЕРЕСИ БРИТАН АГЕНТТИГИНЕН 1,5 МЛН ФУНТ ТАЛАП КЫЛУУДА
30.06.2020 / Автор aymak

966 Бардыгы /
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси жана башка жоопкерлер Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук агенттигинен (NCA) 1,5 миллион фунт стерлинг (1,85 миллион доллар) чыгымды кайтарып берүүнү талап кылышты. Бул тууралуу Reuters кабарлады.
Талап Нурали Алиев жана анын апасы Дарига Назарбаева жеңип чыккан сот ишине байланыштуу.
Быйыл 8-апрелде Лондондун Жогорку соту Назарбаевдин кызы Дарига менен анын уулу Нурали Алиевге таандык деп көрсөтүлгөн эки хансарай менен бир батирге байланыштуу үч ордерди четке каккан. Соттун токтомунда далилдер жетишсиз экени айтылган.
Алиевдин өкүлү Кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттигинин бардык материалдары божомолдорго негизделгенин жана далилдердин көбү тастыкталбаган ачык булактардан алынганын айтты.
Reuters агенттикке доомат арткандардын арасында Назарбаева бар-жогун тактаган эмес.
Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук агенттик буга жооп кайтара элек.
Март айында аталган агенттик Лондондогу үйлөр Нуралинин атасы жана Дарига Назарбаеванын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиевдин «мыйзамсыз жол менен тапкан каражатына алынганын» жүйө келтирип, хансарайлар кайсы акчага келгенин түшүндүрүп берүүнү талап кылган үч ордер чыгарган.
Лондондогу сотто Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн адвокаттары бардык дооматтарды четке кагышып, Дарига Назарбаеванын жеке өзүнүн мындай кыймылсыз мүлктү сатып алууга кудурети жетерин жүйө келтиришкен.
Британияда 2018-жылы кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык, эгер кожоюн кандайдыр бир байлыгын мыйзамдуу тапканын далилдей албаса, андан ажырап калышы мүмкүн.
56 жаштагы Дарига Назарбаева – былтыр атасы Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткенден кийин, Сенатынын спикери болуп шайланып, өлкөдөгү экинчи расмий адамга айланган. Өткөн айда ал президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон.
Нурали Алиев – Дарига Назарбаева жана анын мурдагы күйөөсү Рахат Алиевдин улуу баласы.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
31.08.2026 / Автор anarkan_kg ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮН КУТ БОЛСУН!
-
31.08.2026 / Автор anarkan_kg ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК – ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫГЫБЫЗ
-
-
-
-
21.10.2025 / Автор anarkan_kg УЛАНБЕК САТИЕВ УТРКнын БАШКЫ ДИРЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.