Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА КАРАНТИН РЕЖИМИ 1-АВГУСТТАН КИЙИН ДА УЗАРТЫЛЫШЫ МҮМКҮН

ӨЗБЕКСТАНДА КАРАНТИН РЕЖИМИ 1-АВГУСТТАН КИЙИН ДА УЗАРТЫЛЫШЫ МҮМКҮН

 945 Бардыгы /

Өзбекстанда карантин режими 1-августтан кийин да узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Баходир Юсупалиев «Өзбекстан-24» телеканалынын эфиринде билдирди.

«Калк арасында илдетке чалдыккандар жана каза болгондор көбөйө берсе, 1-августка чейин киргизилген карантиндик чаралар дагы узартылышы мүмкүн. Акыркы бир жуманын ичинде эле коронавирус аныкталган кишилердин саны 3 миңге көбөйдү. Абал оор. Бүгүнкү күндө көптөгөн ооруканалар коронавируска чалдыккандарды кабыл алууга өтүп жатышат. Мындан улам онкологиялык, кардиологиялык жана хирургиялык жардамга муктаж жарандар жардамсыз калышы мүмкүн», – деди Юсупалиев.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирусту аныктоо үчүн тест-системалары жетиштүү экенин билдирген.

Өзбекстанда коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында 13-июлдан тарта жаңы каратиндик чектөөлөр киргизилген.

Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 13 591 кишиге жетти. Алардын ичинен 8030у айыгып, 64 бейтап каза болду.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17