Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
880 Бардыгы / «Фергана» басылмасынын жетекчиси Даниил Кислов абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун саламаттыгы оорлоп кеткенин билдирип, аны бошотууга чакырды. Бул тууралуу маалыматты журналист 20-июлда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. «Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылып, түрмөдө отурган укук коргоочу жана журналист, биздин досубуз жана кесиптешибиз Азимжан Аскаров катуу ооруп жатат жана өзүн абдан начар сезүүдө. Менин жеке булагым […]
881 Бардыгы / «Фергана» басылмасынын жетекчиси Даниил Кислов абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун саламаттыгы оорлоп кеткенин билдирип, аны бошотууга чакырды. Бул тууралуу маалыматты журналист 20-июлда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. «Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылып, түрмөдө отурган укук коргоочу жана журналист, биздин досубуз жана кесиптешибиз Азимжан Аскаров катуу ооруп жатат жана өзүн абдан начар сезүүдө. Менин жеке булагым […]
ДАНИИЛ КИСЛОВ: АЗИМЖАН АСКАРОВ АБАКТА КАТУУ ООРУП ЖАТАТ
21.07.2020 / Автор aymak

882 Бардыгы /
«Фергана» басылмасынын жетекчиси Даниил Кислов абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун саламаттыгы оорлоп кеткенин билдирип, аны бошотууга чакырды.
Бул тууралуу маалыматты журналист 20-июлда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
«Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылып, түрмөдө отурган укук коргоочу жана журналист, биздин досубуз жана кесиптешибиз Азимжан Аскаров катуу ооруп жатат жана өзүн абдан начар сезүүдө. Менин жеке булагым кабарлагандай, анын дене табы он күндөн бери көтөрүлүп жатат, ал өтө оор дем алып, төшөгүнөн дээрлик тура албай калды. Ал эч кандай медициналык жардам ала албай жатат, диагнозу да белгисиз»,-деп билдирүү калтырды Даниил Кислов.
Журналист Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилигинен укук коргоочуга медициналык көмөк көрсөтүүсүн талап кылып, Кыргызстандын президентин жана өкмөтүн Азимжан Аскаровду адамгерчилик кылып тез арада бошотуп коюуга чакырды.
ЖАМКнын басма сөз катчысы Самат Калыков Азимжан Аскаровдун саламаттыгы тууралуу айтылгандарды төгүнгө чыгарып, анын ден соолугу жайында экенин «Азаттыкка» тактады. Ал укук коргоочуну дарыгерлер күнү-түнү көзөмөлгө алып жатканын, температурасы көтөрүлбөгөнүн, дем алуусу талаптагыдай экенин кошумчалады. «Тарапташтары көңүл бурдуруу үчүн кандайдыр бир акция кылып жаткандай сезилет. Көрбөй туруп көзү ачыктык кылуунун кереги жок. Аскаров ооруп жатат деген сөз жалган»,-дейт Калыков.
13-июлда да Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов кардары ооруга чалдыкканына байланыштуу абактан чыгарууну Жаза аткаруу кызматынан талап кылган. Мекеме анда абактан чыгаруу өтүнүчүн адвокат сотко жолдошу керектигин, ЖАМК чечимди аткаруучу орган гана экенин кабарлаган.
13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган. 69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.
Эл аралык уюмдар ишти кайра карап, аны эркиндикке чыгарууга үндөп келет. Аскаров өзү күнөөсүз экенин билдирип жүрөт. Ал камалганга чейин Жалал-Абадда күч органдарынын мыйзамсыз иштерин ашкерелеп жүргөнү менен белгилүү болгон.
www.
Автор aymak
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ СПУТНИГИ ОРБИТАГА ЧЫГАРЫЛДЫ
-
10.10.2025 / Автор anarkan_kg СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МЫЙЗАМ БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЛЕКЦИЯ ӨТҮЛДҮ
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg БШ БШК: ЭРТЕҢ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН АРЫЗДАРЫН КАБЫЛ АЛУУ АЯКТАЙТ
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЭНЕРГЕТИКТЕР КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.