Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,423 Бардыгы / НООКЕН. Жергиликтүү тургундар “Достуктан Бишкекке” аттуу акцияны уюштуруп, Бишкектеги стационарларда иштеп жаткан медицина кызматкерлери үчүн азык-түлүк, жашылча-жемиштерди салып жиберишти. Мындай жардамдар Бишкек шаарынан сырткары Шамалдуу-Сай, Ноокен жана Кочкор-Ата аймактык ооруканаларына дагы көрсөтүлүүдө. Аталган иш-чаранын уюштуруучусу Сыймык Талантбек уулунун айтымында эпидемиологиялык кырдаалда иштеген ак халатчандарды колдоо максатында ушундай демилгени колго алышкан. “Өлкөбүздөгү эпидемиологиялык кырдаал […]
1,424 Бардыгы / НООКЕН. Жергиликтүү тургундар “Достуктан Бишкекке” аттуу акцияны уюштуруп, Бишкектеги стационарларда иштеп жаткан медицина кызматкерлери үчүн азык-түлүк, жашылча-жемиштерди салып жиберишти. Мындай жардамдар Бишкек шаарынан сырткары Шамалдуу-Сай, Ноокен жана Кочкор-Ата аймактык ооруканаларына дагы көрсөтүлүүдө. Аталган иш-чаранын уюштуруучусу Сыймык Талантбек уулунун айтымында эпидемиологиялык кырдаалда иштеген ак халатчандарды колдоо максатында ушундай демилгени колго алышкан. “Өлкөбүздөгү эпидемиологиялык кырдаал […]
НООКЕН: “ДОСТУКТАН БИШКЕККЕ” АКЦИЯСЫ УЮШТУРУЛУУДА
21.07.2020 / Автор aymak

1,425 Бардыгы /
НООКЕН. Жергиликтүү тургундар “Достуктан Бишкекке” аттуу акцияны уюштуруп, Бишкектеги стационарларда иштеп жаткан медицина кызматкерлери үчүн азык-түлүк, жашылча-жемиштерди салып жиберишти.
Мындай жардамдар Бишкек шаарынан сырткары Шамалдуу-Сай, Ноокен жана Кочкор-Ата аймактык ооруканаларына дагы көрсөтүлүүдө.
Аталган иш-чаранын уюштуруучусу Сыймык Талантбек уулунун айтымында эпидемиологиялык кырдаалда иштеген ак халатчандарды колдоо максатында ушундай демилгени колго алышкан.
“Өлкөбүздөгү эпидемиологиялык кырдаал башталгандан бери ак халатчандар күн-түн дебей 24 саат бою илдет жугузуп алган бейтаптарды дарылап жатышат. Алардын эмгегин баалоо максатында “Достуктан, Бишкекке” деген акция уюштурдук. 3 күн ичинде айыл жашоочулары талаадагы эгининен артканын дарыгерлерге көмөк болсун деген максатта бизге алып келип тапшырып жатышты. Негизинен коон-дарбыз, помидор, болгар калемпири, картөшкө, пияз, күрүч айрым айылдаштарыбыз кургатылган өрүктөрүнө чейин алып келип беришти. Мындан сырткары ишкер айылдаштырыбыз акчалай колдоо көрсөтүштү. 10 тоннадан ашык азык-түлүк, жашылчаларды Бишкек шаарына жөнөттүк. Буйруса биздин аракет муну менен чектелип калбайт, алдыңкы күндөрү да улантылат”,-дейт С. Талантбек уулу.
Анын айтымында Достук айыл аймагынын тургундары тарабынан жашылча жемиштерди чогултуп Бишкек шаарына салып жиберүү демилгесин айыл өкмөт башчы колдоп, айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар туура кабыл алышкан.
Аталган айылдын тургуну Кадыралы Джуманов ак халатчандардын өмүрү менен өлүмдүн ортосунда иш алып барып жатышканын жана аларга да колдоо көрсөтүү менен ооруну биргеликте жеңүүгө болот деген оюн айтты.
“Ачыгын айтсам жаштардын мындай демилгени көтөрүп чыгып, ишке ашырганы мактоого татыйт. Айыл өкмөт башчы эл арасында чогулуш кылып бул демилгени айтканда айыл тургундарынын баардыгы колдоп кубатташты. Чындыгында ак халатчандар азыркы кырдаалда өлүм менен өмүрдүн ортосундагы ээн талаада иштеп, бейтаптын өмүрүн ажалдап арачалап жатат. Алардын эмгеги баа жеткис, муну ар бир кыргызстандык түшүнүп, көрүп турат. Элден айланып кетсе болот, дарыгерлерге дегенде талаадагы эгининен, үйүндөгү бакчасындагы эгининен бери алып чыгып беришти. Буйруса ушундай ынтымак менен кетсек бул оорууну да жеңебиз!”,- дейт К. Джуманов.
Кошумчалай кетсек, Достук айыл аймагында 10 миңден ашуун калк жашайт. Өлкөдө илдет күч алып жаткан учурда аталган айыл аймактын жашоочулары каражат чогултуп аймактык орууканага 9 даана жасалма дем алдыруучу аппарат сатып беришкен.
Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”
Автор aymak
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ СПУТНИГИ ОРБИТАГА ЧЫГАРЫЛДЫ
-
15.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУда 1-КУРСТАРГА СТУДЕНТ НААМЫН ЫЙГАРУУ САЛТАНАТЫ ӨТТҮ
-
13.11.2025 / Автор anarkan_kg ШААРДАГЫ №14 ОТКАНА ПРОПАН МЕНЕН ИШТӨӨГӨ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
31.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ АР БИР ҮЙГӨ ЖАКШЫЛЫК АЛЫП КЕЛСИН!
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17












You must be logged in to post a comment.