Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
907 Бардыгы / Нобель сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Светлана Алексиевич Координациялык кеңештин түзүлүшү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Тергөө комитетине күбө катары суракка чакырылды. Кеңеш бийликти тартып алуу максатында түзүлгөн деп эсептелүүдө. Жазуучу суракка 26-августта барышы керек. Бул тууралуу Виктор Бабариконун штабынын маалымат кызматы билдирди. Светлана Алексиевич – Координациялык кеңештин президиумунун мүчөлөрүнүн бири. Мария Колесникованын айтымында, жазуучу […]
908 Бардыгы / Нобель сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Светлана Алексиевич Координациялык кеңештин түзүлүшү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Тергөө комитетине күбө катары суракка чакырылды. Кеңеш бийликти тартып алуу максатында түзүлгөн деп эсептелүүдө. Жазуучу суракка 26-августта барышы керек. Бул тууралуу Виктор Бабариконун штабынын маалымат кызматы билдирди. Светлана Алексиевич – Координациялык кеңештин президиумунун мүчөлөрүнүн бири. Мария Колесникованын айтымында, жазуучу […]
НОБЕЛЬ ЛАУРЕАТЫ СВЕТЛАНА АЛЕКСИЕВИЧ БИЙЛИКТИ БАСЫП АЛУУ ИШИ БОЮНЧА СУРАККА ЧАКЫРЫЛДЫ
25.08.2020 / Автор aymak909 Бардыгы /
Нобель сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Светлана Алексиевич Координациялык кеңештин түзүлүшү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Тергөө комитетине күбө катары суракка чакырылды. Кеңеш бийликти тартып алуу максатында түзүлгөн деп эсептелүүдө.
Жазуучу суракка 26-августта барышы керек. Бул тууралуу Виктор Бабариконун штабынын маалымат кызматы билдирди.
Светлана Алексиевич – Координациялык кеңештин президиумунун мүчөлөрүнүн бири. Мария Колесникованын айтымында, жазуучу ден соолугуна байланыштуу президиумдун ишине түзмө-түз катыша албайт, бирок дайыма байланышта болуп турат.
Буга чейин ушул эле иштин алкагында президиумдун башка мүчөлөрү Максим Знак жана Сергей Дилевский суракка чакырылган.
24-август күнү эртең менен Минск трактор заводунда Координациялык кеңештин эки мүчөсү – президенттикке талапкер болгон Светлана Тихановскаянын ишенимдүү өкүлү Ольга Ковалькова менен МТЗ иш таштоо комитетинин өкүлү Сергей Дылевский кармалган.
Кийинчерээк Ольга Ковалькова, МЗКТ заводунун иш таштоо комитетинин төрагасы Александр Лавринович Окрестиндеги тергөө абагында экенин белгилүү болгон. Дылевский тууралуу азырынча маалымат жок.
Беларус Башкы прокуратрасы 20-августта Координациялык кеңештин түзүлүшү боюнча “Бийликти тартып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Кеңештин бир нече мүчөсү Тергөө комитетине суракка чакырылган.
Бийликти өткөрүп берүү боюнча Координациялык кеңеш өткөн жуманын башында түзүлгөн. Президиумга адабият боюнча Нобель лауреаты Светлана Алексиевич, мурдагы маданият министри Павел Латушко, президенттикке талапкерлер Виктор Бабарико менен Светлана Тихановскаянын өкүлдөрү киришкен. Алар маалымат жыйынын өткөрүп, президент Александр Лукашенко менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниеттенишкен.
Кеңештин мүчөлөрү саясий куугунтуктарды токтотууну, бардык саясий туткундарды абактардан бошотууну, 2020-жылдын 9-августундагы президенттик шайлоону жараксыз деп табууну жана эл аралык стандарттардын негизинде жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Резолюцияда Координациялык кеңеш өлкөнүн конституциялык түзүмүн жана тышкы саясий багытын өзгөртүүнү көздөбөй турганы айтылган.
Лукашенко кеңештин курамына бийликке нааразы болгондор, улутчулдар киргенин айтып, өлкөдө альтернативдүү органдын түзүлүшүн мыйзамсыз деп атаган.
Ранее действующий президент Лукашенко заявил, что Координационный совет – это “попытка захвата власти со всеми вытекающими последствиями”: “Это ширма. Если заглянуть за нее, вы видите, что происходит. <…> Из бывших “прикорытников”, как они их называют. Там бывшие, обиженные, которые когда-то походили во власти, и откровенно отвязанные нацисты. Посмотрите этот список”.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
09.04.2025 / Автор anarkan_kg КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕР БОЛУП ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУда ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.