Аймак

ЧОҢ-АЛАЙДАГЫ КӨМҮР ИШКАНАСЫ 2 АЙДА 13,6 МИЛЛИОН СОМ КИРЕШЕ ТАПТЫ

ЧОҢ-АЛАЙДАГЫ КӨМҮР ИШКАНАСЫ 2 АЙДА 13,6 МИЛЛИОН СОМ КИРЕШЕ ТАПТЫ

 5,251 Бардыгы /

ОШ. Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу “Чоң-Алай көмүр” мамлекеттик ишканасы эки айда 13,6 миллион сом киреше тапты. Бул туурасында аталган райондун акими Темирболот Абыкеев сүйүнчүлөдү.

Темирболот Абыкеевдин айтымында, Чоң-Алай районунда “Лунэн” жеке компаниясы ээлик кылган көмүр кенинин лицензиясы жокко чыгарылып, мамлекетке биротоло кайтарылды. Аталган компания 10 жыл аралыгында мыйзам бузуу жолу менен көмүр казып келгендиги акыры ашкереленди. Тактап айтканда, компания өзүнө таандык тилкеден тышкары чыгып, мамлекетке тийешелүү тилкедеги көмүрдү дагы чекесинен казып кеткен. Көмүр кени мамлекеттин балансына өткөрүлүп, “Чоң-Алай көмүр” мамлекеттик ишканасы деп түзүлдү. Алыскы район акими «Чоң-Алай көмүр” мамлекеттик ишканасынан түшкөн киреше менен 3 жыл аралыгында район дотациядан чыгараарын дагы катуу убадалады.

– Аталган көмүр кени мамлекетке иштей баштаган 2 айдын аралыгында эле көмүр казуудан дээрлик 54 миллион сом (53,9 миллион) жүгүртүлгөн. Анын таза кирешеси 13,6 миллион сом болду. Кирешебизге керектүү жабдыктарды сатып алып, видео көзөмөл орнотуп, 3 чакырымдан зым тартып баруу иштерин уюштурдук. Кудай буюрса, дагы 3 жыл ичинде Чоң-Алай району дотациядан чыгабыз деген ишенимдебиз! – деп кошумчалады Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев.

Баса, аталган көмүр кендин мамлекетке өтүшү менен жергиликтүү тургундар үчүн да иш орундар пайда болгондугу баса белгиленди. Жалпы 100гө жакын жумуш оруну түзүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17