Аймак

АРАВАН ЖЕРГЕСИНДЕ ДАГЫ ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛАТ

АРАВАН ЖЕРГЕСИНДЕ ДАГЫ ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛАТ

 6,310 Бардыгы /

          Ош облусуна караштуу пахта Мекени Араван районунда дагы Текстиль фабрикасы курулат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Мминистрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

          Баса, запманбап жаңы фабриканын жип ийрүү, трикотаж, боео жана тигүү цехтеринин курулушу пахтачылыкты өнүктүрүүгө дагы шарт жаратып, ошондой эле буга улай жаңы жумуш орундарын түзүү пландаштырылууда.

          Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо Айыл Өкмөтүнүн аймагында жайланышкан 10 гектар жерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар үчүн жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтомун дагы бекитти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17