Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
28 Бардыгы / Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан “Макмал Голд Компани” ЖЧКтын ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда 605 кишини жумуш орду менен камсыздаган ишканадагы жаңылануулар тууралуу “Макмал Голд Компани” ЖЧКтын директору Руслан Асеинов тааныштырып, ишкана 2024-жылы 126 234,20 миң сом менен пайдага чыгып, мамлекетке 583 […]
29 Бардыгы / Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан “Макмал Голд Компани” ЖЧКтын ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда 605 кишини жумуш орду менен камсыздаган ишканадагы жаңылануулар тууралуу “Макмал Голд Компани” ЖЧКтын директору Руслан Асеинов тааныштырып, ишкана 2024-жылы 126 234,20 миң сом менен пайдага чыгып, мамлекетке 583 […]
ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ “МАКМАЛ ГОЛД КОМПАНИ” ИШКАНАСЫНАН КАБАР АЛДЫ
17.04.2025 / Автор anarkan_kg30 Бардыгы /
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан “Макмал Голд Компани” ЖЧКтын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Учурда 605 кишини жумуш орду менен камсыздаган ишканадагы жаңылануулар тууралуу “Макмал Голд Компани” ЖЧКтын директору Руслан Асеинов тааныштырып, ишкана 2024-жылы 126 234,20 миң сом менен пайдага чыгып, мамлекетке 583 858,3 миң сом салык төккөнүн билдирди. Мындан тышкары имараттын ичин кыдырып, сатылып алынган жаңы техникалар, жумушчуларга түзүлгөн шарттар жана коопсуздукту камсыздоо багытында аткарылып жаткан жумуштар тууралуу кеңири маалымат берди.
Өз кезегинде комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев өндүрүштөгү жетишкендиктерди жана жетекчиликтин аткарган иштерин жогору баалап, чалгындоо жумуштары кандай жүргүзүлүп жатканына кызыкты. Кандай гана ишкана болбосун андагы кызматкерлердин коопсуздугу биринчи орунда болушу керектигин да эске салган эл өкүлү күтүлбөгөн кырсыктарды болтурбоого катуу көңүл бурууга чакырды.
Депутат Нилуфар Алимжанова ишканага жумушчулар кандай критерийлердин негизинде алынып жатканын сурады. Муну менен катар пансионаттар, курорттор жана башка ден соолукту чыңдоочу жайлар менен атайын сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кызматкерлерге жетиштүү деңгээлде кам көрүлүшү керектигин баса белгиледи.
Эл өкүлү Жаныбек Кыдыкбаев Макмалдагы алтын корунун көлөмүн тактаса, депутат Пархат Тулендыбаев өндүрүштүн өздүк наркы канчага чыгып жатканы боюнча суроо салды. Ал эми депутат Жалолидин Нурбаев ишчилердин эмгек акысы тууралуу кеп кылып, жумуштун оордугун эске алуу менен маянаны жогорулатуу зарылдыгына токтолду.
Соңунда аталган комбинаттын өлкө экономикасын көтөрүүдө, айрыкча Тогуз-Торо районун өнүктүрүүдө орду чоң экенин ортого салган комитет мүчөлөрү ишканын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Белгилей кетсек, “Макмалалтын” комбинаты 1986-жылы ишке кирип, дээрлик 32 жылдай Тогуз-Торо районундагы жалгыз өндүрүштүк ишкана болуп келген. 2018-жылы жабдуулардын эскилиги жетип, алтын өндүрүү азайгандыгына байланыштуу комбинат ишин токтоткон. Ал эми 2023-жылы “Кыргызалтын” ААКнын алдындагы “Макмал Голд Компани” ишканасы болуп кайрадан түзүлүп, иши жанданган.
Булак: Жогорку Кенеш
Автор anarkan_kg
-
14.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
-
-
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg ЖАПОНИЯДА КЫРГЫЗ БАЛЫН УУРДООГО ШЕКТЕЛГЕН АБЫШКАГА БЕЛЕК ТАРТУУЛАШТЫ
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg «СУЛАЙМАН-ТОО» КИНОФЕСТИВАЛЫНА 200дөн АШУУН ЭМГЕК КАТЫШТЫРЫЛУУДА
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.