Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
19 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев бул ирет Өзгөн районуна сапар чекти. Аймак жетекчиси аталган райондогу бир катар маанилүү обьектилер менен жеринде гана кенен-чонон таанышты. Адегенде Элчибек Жантаев Өзгөн районундагы Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Шералы айылындагы кыш чыгаруучу ишкана менен кең-кесири таанышты. Ушул тапта аталган ишкананын курулуш иштери толук […]
20 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев бул ирет Өзгөн районуна сапар чекти. Аймак жетекчиси аталган райондогу бир катар маанилүү обьектилер менен жеринде гана кенен-чонон таанышты. Адегенде Элчибек Жантаев Өзгөн районундагы Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Шералы айылындагы кыш чыгаруучу ишкана менен кең-кесири таанышты. Ушул тапта аталган ишкананын курулуш иштери толук […]
ОШ ОБЛУСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ ӨЗГӨН РАЙОНУН КЫДЫРДЫ
17.04.2025 / Автор anarkan_kg21 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев бул ирет Өзгөн районуна сапар чекти. Аймак жетекчиси аталган райондогу бир катар маанилүү обьектилер менен жеринде гана кенен-чонон таанышты.
Адегенде Элчибек Жантаев Өзгөн районундагы Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Шералы айылындагы кыш чыгаруучу ишкана менен кең-кесири таанышты. Ушул тапта аталган ишкананын курулуш иштери толук кандуу аяктап, азыр сыноо иштери гана жүргүзүлүп жатат. Заводдун кубаттуулугу күн сайын 100-120 миң даана заманбап кыш чыгарууга ыңгайлашкан жана пайдаланууга тапшырылганда, алтымышка чукул жаңы жумуш орду дагы түзүлмөкчү. Ишкана «Иман Билдинг» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулду.
Буга улай Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев Шералы айылындагы Кара-Дарыя дарыясынын жээгин бойлото бекемдөө үчүн курулуп жаткан дамба тосмосунун курулуш иштерин дагы көрдү. Андан соң Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кош-Коргон айылында жайланышкан Саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушу менен дагы таанышты. Ошондой эле облус башчысы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айлында курулушу дээрлик аяктап калган «Жананхан апа» балдар бакчасынын иши менен өзүнчө таанышты. Бакча эки кабаттан туруп, 50 орунга ылайыкташкан. Элчибек Жантаев Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү Мырза-Аке жалпы дарыгердик практикалык борборунун жаңы имаратынын курулушун дагы жеринде барып көрдү. Жалпы тендердик баасы 131 миллион 710 миң 931 сомду чапчыган 3 кабаттуу, 60 керебеттүү заманбап оорукананын курулушу учурда дээрлик толук аяктаган.
Жумушчу сапарынын соңунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Өзгөн шаарынын муниципалдык «Айчүрөк» кинотеатрынын оңдоп-түзөө жараяны менен дагы өзүнчө таанышты. Театр өткөн жылы Министрлер кабинетинин чечими аркасында Өзгөн шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине биротоло өткөрүлүп, ушул тапта бул маданий мекемеде капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталган. Имаратты оңдоого жана акыркы үлгүдөгү заманбап техникалар менен жабдууга болжол менен 38 миллион сомго жакын каражат керектелет. Анын 10 миллион сому Ош облустук өнүктүрүү фондунан ажыратылды.
Белгилей кетчүү жагдай: Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаевдин аталган сапары аймактагы – Өзгөн районундагы инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлордун жүзөгө ашырылышын тыкыр көзөмөлдөөгө, ошондой эле жергиликтүү тургундардын жашоо-шарттарын дагы ого бетер жакшыртууга гана багытталды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
09.04.2025 / Автор anarkan_kg КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕР БОЛУП ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУда ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.