Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,702 Бардыгы / ОшМУнун Эл аралык билим берүү Программаларынын Жогорку Мектебинин алдында Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмү дагы ургалдуу иштеп жаткан маалы. Аталган бөлүмдү бүткөндөргө жумуш дагы опоңой табылаарын ушул бөлүмдүн башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Нуркасым АРКАБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде ачык моюндады. -Нуркасым агай, ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин алдында Түрк тилдүү […]
1,703 Бардыгы / ОшМУнун Эл аралык билим берүү Программаларынын Жогорку Мектебинин алдында Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмү дагы ургалдуу иштеп жаткан маалы. Аталган бөлүмдү бүткөндөргө жумуш дагы опоңой табылаарын ушул бөлүмдүн башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Нуркасым АРКАБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде ачык моюндады. -Нуркасым агай, ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин алдында Түрк тилдүү […]
Нуркасым АРКАБАЕВ: “ЗАМАНБАП АДИСТЕРГЕ ЖУМУШ ОНОЙ ТАБЫЛАТ!”
29.06.2022 / Автор anarkan_kg

1,704 Бардыгы /
ОшМУнун Эл аралык билим берүү Программаларынын Жогорку Мектебинин алдында Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмү дагы ургалдуу иштеп жаткан маалы. Аталган бөлүмдү бүткөндөргө жумуш дагы опоңой табылаарын ушул бөлүмдүн башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Нуркасым АРКАБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде ачык моюндады.
-Нуркасым агай, ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин алдында Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмү кантип жана кимдин демилгеси аркасында ачылды эле?
-Ыраматылык ректорубуз Каныбек Исаков жаштыгына карабастан абдан жигердүү жетекчи эле. Ошол киши өзү жеке демилгелеп, 2018-жылы ОшМУнунун курамында Кыргыз-Түрк факультетин негиздеген. Негизги максаты – билимди экспорттоо, интеграция аркылуу мамлекеттерди өз ара жакындаштыруу жана Дүйнөдөгү эң алдыңкы Туркия өлкөсү менен дагы алакабызды бара-бара чыңдоо эле. Ошентип, 2021-жылдын июль айында аталган факультет ОшМУнун Эл аралык билим берүү Программаларынын Жогорку Мектебине айландырылды.
-Демек, балким, Сиздерге бул өңүттө Туркия мамлекети
коммуникация, каржы жана кадр жагынан дадил эле каралашып жаткандыр?
-ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин алдында Түрк тилдүү мамлекеттердин интергациясы бөлүмүндө ушул тапта 187 студент заманбап билим алып жатышат. Булардын басымдуулугу кыргыздар жана өзбектер. Арасында аргындашкан жападан жалгыз түрк дагы бар. Буларга жергиликтүү окутуучуларыбыздан тышкары Түркиянын дасыккан илимпоздору дагы сабак өтүп жатышат.
Бирок, эсиңиздерге салып коеюн, бул Жогорку Мектепти жана дагы биздин бөлүмдү Түркия дегеле каржылабайт. Бардык чыгымдарыбыз ОшМУнун бюджетинен гана төлөнөт. Мындан тышкары бизге мобул заманбап имаратты дагы университет өзү тикелеп, балдык керектүү эмеректер жана коммуникация менен жабдып, анан гана пайдалануубузга тартуулады.
-Агай, Сиз бизден жакшы билесиз, Кыргызстанда жогорку окуу жайлары абдан эле көп. Тилекке каршы, бүтүрүүчүлөрдүн баарын тең тегиз жумушка жайгаштыруу ушул тапта кендирибизди куп гана кесип жаткан чагы. А Сиздер ушул жагын канттиңиздер?
-ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин алдында Түрк тилдүү мамлекеттердин интергациясы бөлүмү программалык инженерия, экономика, журналистика, реклама жана коомчулук менен байланыш, ошондой эле туризм адистерин белендейт. Басымдуу студенттерибиз жайкы каникул маалында – дээрлик үч ай бою Туркиянын атактуу конокканаларында, а түгүл Ата Мекендик ири компанияларда дагы эмгектенишип, меймандарды тейлөөнү, туристтерди абдан кооз жайларга байма-бай тартууну, экономикалык кризистен кутулуунун аргасын куп үйрөнүшөт.
Демек, студенттерибиз ОшМУда төрт жыл окуганча, окууну бүткөндөн кийин деле өзүнө туруктуу жумуш табууну дагы кошо өздөштүрүшөт. Бул өңүттө бизде азырынча олуттуу проблема жарала элек…
-Нуркасым агай, ОшМУнун Эл аралык билим берүү
программаларынын жогорку мектебинин, анан дагы Сиздердин бөлүмдүн болочогун эмнеден көрөсүз?
-ОшМУ адегенде өзүнүн эсебинен ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебине жана биздин бөлүмгө заманбап имаратты тикелеп, моминтип пайдаланууга тапшырды. Бул жайда мындан ары мыкты окуганга өзгөчө гана шарттар жаратылып олтурат.
Ошентип, ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин алдында Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүндө коррупциясыз сапаттуу билим берүүгө зор мүмкүнчүлүк жаралды десем эч жаңылышпаймын. Анан дагы студенттердин ар тараптуу окуп жана билим алуусуна, кыялдарын ийгиликтүү жүзөгө ашыруусуна дагы чоң өбөлгө түзүлдү. Биздин улан-кыздарыбыз эми чет өлкөлөрдө дагы практикасын өтөөгө акылуу. Орусия, Түркия, Германия, Болгарияда жана Өзбекстанда эмгектенүү буларга эми кыял эмес!
Эң башкысы: ОшМУнун магистратурасында окуганга жана чет өлкөлөрдө деле билимин андан ары улантканга зор мүмкүнчүлүк жаралды. Менимче, биздин бул тажрыйбабызды өлкөбүздөгү башка ЖОЖдор дагы урунушса, албетте, утушаарынан шегим жок!


Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
16.05.2025 / Автор anarkan_kg ЭНЕЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
-
09.06.2025 / Автор anarkan_kg БИШКЕК-БАЛЫКЧЫ БАГЫТЫНДАГЫ ЖОЛ КООПСУЗДУГУНА КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛӨТ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.