Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,639 Бардыгы / ОШ. «Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү» коомдук бирикмесинин төрагасы Талант Султанов баштаган делегация ОшМУга жүрүш жасады. Атайын жолугушууда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен «Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү» коомдук бирикмесинин ортосунда кызматташуу меморандумуна дагы кол коюлду. Ошентип, меморандумга ылайык ОшМУ Борбор Азиядагы санариптик борборго айландырылат. Муну үчүн биринчи кадамда ОшМУнун базасында интернет алмашуу жабдуусу (коммунтатор) […]
1,640 Бардыгы / ОШ. «Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү» коомдук бирикмесинин төрагасы Талант Султанов баштаган делегация ОшМУга жүрүш жасады. Атайын жолугушууда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен «Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү» коомдук бирикмесинин ортосунда кызматташуу меморандумуна дагы кол коюлду. Ошентип, меморандумга ылайык ОшМУ Борбор Азиядагы санариптик борборго айландырылат. Муну үчүн биринчи кадамда ОшМУнун базасында интернет алмашуу жабдуусу (коммунтатор) […]
ОШМУ БОРБОР АЗИЯДАГЫ САНАРИПТИК БОРБОРГО АЙЛАНДЫРЫЛАТ
03.10.2023 / Автор anarkan_kg

1,641 Бардыгы /
ОШ. «Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү» коомдук бирикмесинин төрагасы Талант Султанов баштаган делегация ОшМУга жүрүш жасады. Атайын жолугушууда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен «Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү» коомдук бирикмесинин ортосунда кызматташуу меморандумуна дагы кол коюлду.
Ошентип, меморандумга ылайык ОшМУ Борбор Азиядагы санариптик борборго айландырылат. Муну үчүн биринчи кадамда ОшМУнун базасында интернет алмашуу жабдуусу (коммунтатор) дагы орнотулат.
– Бул жабдуу колдонууга тапшырылганда, Оштогу иштеп жаткан интернет провайдерлер жана билим берүү мекемелери чогуу-чараан кызматташа башташат. ОшМУдагы жабдуунун алкагында Ош облусунун жана дагы Ош шаарынын ичинде интернеттин сапаты жогорулап, баасы дагы бир топ эле арзандайт. Келечекте Борбор Азияда бул иштер санариптик багытта өзүнүн түздөн-түз жардамын тийгизет. Анткени, мындай интернет алмашуу бекеттери Борбор Азияда көп эмес. Алардын көпчүлүгү коммерциялык багытта, ал эми ОшМУ менен жасалып жаткан иштер коммерциялык эмес багытта жүзөгө ашырылат, – деди «Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү» коомдук бирикмесинин төрагасы Талант Султанов.
Ал эми ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков университет ушул тапта республикабыздагы «Өзгөчө макам» алган окуу жай катары жаңы демилгелерди колдоого ачык экендигин баса белгиледи. Ошондой эле окуу жайда жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү багытындагы иштер жана долбоорлор туурасында дагы кеңири маалымат берди. Меморандумдун алкагында ОшМУнун базасында компьютердик жана санариптик сабаттуулук боюнча тренерлер дагы кошо даярдалат. Дасыккан тренерлер Ош облусунун аймагындагы айыл жерлеринде билимдери менен бөлүшүп, санариптик экономикага салымдарын кошушмакчы.
Күндүн экинчи бөлүгүндө меморандумдун алкагында коомдук бирикменин IT адистери, студенттер жана профессордук-окутуучулук курам менен жолугушушту. Кездешүү маалында «Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү» коомдук бирикмесинин ишмердиги, меморандумдун максаты жана компьютердик сабаттуулук, санариптик сабаттуулук боюнча окуу материалдары, ошондой эле Python программалоо курсу боюнча маалыматтар берилди. Бул кызматташтыктар калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатат жана Кыргызстандын түштүк аймагынын интернет байланыш, техникалык туруктуулугун ого бетер жакшыртат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
07.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ АКСАКАЛДАР КЕҢЕШИНИН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.