Аймак

ЭАУда АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫ ДЕКЛАРАЦИЯСЫНЫН 75 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

ЭАУда АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫ ДЕКЛАРАЦИЯСЫНЫН 75 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

 783 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 7-декабрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгы, анын азыркы абалы жана келечеги” темасында тегерек стол өткөрүлдү.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук  менен байланыштар кызматы билдиргендей, тегерек столго ЭАУнун профессор-окутуучулар курамы жана студенттери, укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү, анын ичинде Жалал-Абад областынын прокуратурасынын кызматкерлери, акыйкатчынын өкүлү, ички иштер башкармалыгынын, юстиция башкармалыгынын, пробация бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты. Тегерек столдун жүрүшүндө адам укуктарын коргоонун актуалдуу маселелери каралып, тематикалык видео роликтер, слайддар көрсөтүлдү.

Иш-чараны ЭАУнун юридикалык кафедралары уюштурушкан. Өзгөчө ыраазычылык ю.и.к., доц. К.К. Юлдашевге жана ага окутуучу Э.О. Кулуевге билдирилди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17