Аймак

ОШМУ ЭМИ КЫТАЙДЫН СЯМЭНЬ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ

ОШМУ ЭМИ КЫТАЙДЫН СЯМЭНЬ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ

 945 Бардыгы /

          Эл аралык QS рейтинги боюнча дүйнө жүзүндөгү «Эң мыкты 400» университеттин катарына кирген Кытайдын Сямэнь университети менен Ош мамлекеттик университети кызматташуу келишимине акыры кол коюлду. ОшМУдан билдиришкендей, келишимге ректор Кудайберди Кожобековдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында гана жетишилди.

          ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Сямэнь университетинин ректору Чжан Зун И менен жолугугуп, студенттер ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасы, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, эки окуу жайдын илимпоздорунун биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсү, биргелешкен билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу долбоорлорун өз ара талкуулашты. Ошол эле учурда Сямэнь университетинин ректору Чжан Зун И ОшМУ менен тыгуз кызматташууга кызыкдар экендигин жашырган жок. Сямэнь университети – Кытайдын жогорку окуу жайларынын ТОП 10 тизмесине кирген эң мыкты университеттердин бири. Окуу жай көркөм өнөр жана гуманитардык илимдер, инженерия жана технология, социалдык илимдер, табигый илимдер, коомдук илимдер боюнча дүйнө жүзүндө алдыңкы орунда турат.

          Белгилей кетчү жагдай: ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобековатиалган жумушчу сапарынын алкагында Пекин шаарындагы «Эл аралык кытай тилинин өнүгүүсү» аталышындагы конференцияга катышууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17