Аймак

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК МЕДИЦИНА БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ БЕЙТАПТАРДАН ОПУЗАЛАП АКЧА ТАЛАП КЫЛГАН

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК МЕДИЦИНА БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ БЕЙТАПТАРДАН  ОПУЗАЛАП АКЧА ТАЛАП КЫЛГАН

 1,548 Бардыгы /

     УКМКнынын басма сөз кызматынан маалдымдашкандай. Атаын кызматтын өкүлдөрү Ош шаарындагы № 4-үй-бүлөлүк медицина борборунан системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныкташты.

          Маалыматка караганда, Ош шаарындагы № 4-үй-бүлөлүк медицинаборборунун жетекчиси Н.Ж.А. системалуу түрдө медициналык жардам сурап кайрылган жарандардан акча чогултуу жана талап кылуу менен алектенген. Ал ошондой эле ар кандай маалымкаттарды дагы жазып берүүдө, тиешелүү медициналык кызматтарды алууда жасалма олуттуу тоскоолдуктарды жараткан.

          Ошондуктан, Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы № 4-үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Н.Ж.А. нынүстүнөн Кылмыш-Жаза Кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ушул тапта бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар дагыле улантылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17