Аймак

“МАНАС” АЙТУУЧУЛАРДЫН СЫНАГЫ ӨТТҮ

“МАНАС” АЙТУУЧУЛАРДЫН СЫНАГЫ ӨТТҮ

 1,203 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Базар-Коргон районунун Акман айыл аймандагы №6 Б.Осмонов атындагы гимназия-мектебинде “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы жана “Манас” айтуучулардын райондук сынагы болуп өттү.

Базар-Коргон райадмнистрациясы маалымдагандай, Манас таануу” интеллектуалдык таймашы жана “Манас” айтуучулардын райондук сынагы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгы, У.Мамбеталиевдин жана С.Касманбетовдун 90 жылдыгына арналып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы-“Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” №126 Жарлыгынын алкагында өттү.

Сынакка Кыргыз Улуттук “Манас” театрынын директорунун орун басары Нурлан Талантбеков, райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкери, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сыргак Жалилов, мектеп окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер катышышты.

“Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашынын райондук туруна райондон 47 мектеп катышкан.

Кыргыз тилдүү мектептерден:

1- орун Акман айыл аймагындагы Б.Осмонов №6 гимназия мектебинин “Гүлазык” тайпасы;

2- орун Базар-Коргон шаарындагы №30 Ө. Атабекова инновациялык гимназия мектебинин “Бакай ата” тайпасы;

3- орун Могол айыл аймагындагы С.Далбаев №17 гимназия мектебинин “Кыраан Манас” тайпасы ;

Ал эми орус-өзбек мектептеринен :

1- орун Арстанбап айыл аймагындагы №34 Ю.Исламов атындагы орто мектебинин “Үч баатыр” тайпасы;

2- орун Талды-Булак айыл аймагындагы №20 А.Махмадалиев атындагы орто мектебинин “Айчүрөк“ тайпасы;

3- орун Базар- Коргон шаарындагы №3 Бабур гимназия мектебинин “Аккула “ тайпалары ээ болду.

Манас айтуу боюнча жалпы 60 катышуучу кыргыз жана чет тилдеринде айтышты.

Кыргыз тилинде айтуучулардан :

1- орун №28 А. Шеркулов орто мектебинин окуучусу Тойчубаева Сезимай,

2-орун №15 Жумалы орто мектебинин окуучусу Оморалиев Ыманбек,

3- орун №10 Фрунзе орто мектебинин окуучусу Тахирова Мадина,

Чет тилдерде :

1- орун №54 Алтын -Кыя орто мектебинин окуучусу Асилбекова Аксаамай,

2- орун №1 Макаренко гимназия мектебинин окуучусу Сангаджиева Сабина ,

3- орун №5 Токтогул атындагы гимназия мектебинин окуучусу Козубаева Аяналар байгелүү орундарды багындырды.

Сынактын жеңүүчүлөрү I, II, III -даражадагы дипломдор жана номинациялар менен сыйланды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17