Аймак

ЭАУда САЛЫК ЖААТЫНДАГЫ РЕФОРМАЛАР БОЮНЧА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

ЭАУда САЛЫК ЖААТЫНДАГЫ РЕФОРМАЛАР БОЮНЧА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

 1,341 Бардыгы /

ЖАЛАЛА-АБАД. Бүгүн, 29-февралында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, мамлекеттик салык кызматынын жана “JIA” ишкерлер ассоциациясынын ишкерлерге салык жаатында маалымат берүүчү “Бизнести агартуу кербени” жалпы республикалык  демилгесинин алкагында “Салык реформасынын мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары” аттуу ири иш-чара өткөрүлдү.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, иш-чарага негизинен ишкерлер чакырылып, аларга салык жана салык салуу жаатындагы реформалар тууралуу кеңири маалымат берилди. Маалымат берүүгө Жалал-Абад шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын, областтык прокуратурасынын, шаардык мэриясынын, ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү тартылды. Бул иш-чарага К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин “Экономика” жана “Менеджмент” багыттары боюнча билим алган жогорку курстардын студенттери да зор кызыгуу менен катышышты. Жалпысынан аталган иш-чара ишкерлер үчүн абдан мазмундуу жана пайдалуу болду. Келген коноктор иш-чаранын уюштуруучулары болгон аталган университеттин ректоратына, студент жаштар арасында ишкердикти жайылтуучу “Энактас”долбоору алкагында иш жүргүзгөн “ЭАУ Энактас” командасына активдүү уюштуруучулук жана техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиришти.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17