Аймак

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН «ТООЛОР КУЛАГАНДА» РОМАНЫ ОШТО САХНАЛАШТЫРЫЛДЫ

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН «ТООЛОР КУЛАГАНДА» РОМАНЫ ОШТО САХНАЛАШТЫРЫЛДЫ

 1,026 Бардыгы /

Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романынын негизинде беленделген «Кайып эрен, кайып кыз» спектакли көрөрмандага тартууланды.

          – «Тоолор кулаганда» романы – залкар жазуучубуздун  бизге калтырган эң акыркы керээзи! – деди «Кайып эрен, кайып кыз» спектаклинин инсценировкасынын автору, жазуучу, драматург. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абибилла Пазылов – Анда негизинен бүгүнкү күндөгү учур акыбалы, дүйнөлөшүү заманынын экологиялык апааты таасын түрдө сүрөттөлөт. Дүйнөлөшүүнүн кесепетинен олуттуу Улуттук жана жаратылыш баалуулуктарын бара-бара  жоготуп баратканыбыз жөнүндө дагы абдан ызалуу сөз жүрөт.

          «Кайып эрен, кайып кыз» спектаклинин режиссеру – Кыргыз Эл артисти Талантбек Апыев. Сценограф – Кыргыз маданиятыны эмгек сиирген ишмер Садыр Зиязакунов. Бул уламыш сүйлөшүп жүрүп өмүнүндө бири-бироине жетпей калган эркек-аялдын уламышына үндөш.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17