Аймак

«ҮМҮТ» ФОРУМУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫН ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ: КИНОТАСМАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮ, ЧЕБЕРЛЕР-КЛАССЫ ЖАНА ЛЕКЦИЯЛАР

«ҮМҮТ» ФОРУМУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫН ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ: КИНОТАСМАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮ, ЧЕБЕРЛЕР-КЛАССЫ ЖАНА ЛЕКЦИЯЛАР

 483 Бардыгы /

Бишкек шаарында жаш киночулардын XI форуму ачылып жатат. Чыгармачыл аянтчага Шериктеш өлкөлөрдүн жаш кинорматографтары, киносерепчилер, продюсерлер жана фестивалдардын программалык директорлору катышат.

Кыргызстанда 29-мартта КМШга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен КРнын Маданият министрлигинин Кинематография департаменти тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү кино иш-чара“Үмүт” жаш киночулардын XI форуму ишин баштайт. Үч күн бою форумдун алкагында дүйнөлүк кинофестивалдардын жеңүүчүлөрү жана катышуучуларынын кыска метраждуу тасмалары көрсөтүлөт, алдыңкы кино таануучулар жана кино сынчылардын катышуусунда пикчинг (кинодолбоорлор), чеберлер классы, лекциялар жана талкуулар өткөрүлөт.

Иш-чаранын алкагында кадыр-барктуу кинофестивалдардын бет ачары сунушталуучу фестивалдар жарманкеси өткөрүлөт. Алардын арасында “Кинопроба” киномектебинин Эл аралык тажрыйбалык-фестивали, Baiqonyr Film Festival, Baku International Short Film Festival, Tashkent International Animation Forum, Ташкент ЭКФ “Жибек жолунун бермети”, ошондой эле Bishkek International Film Festival, Post Space и Qarash Lab болот.

«Бул жылы форум КРнын эл артисти, режиссер-документалист Бекеш Абдылдаевдин 90 жылдык мааракесине арналып, «Урпактар талап кылганга чейин сүйүү менен» деген ураандын алдында өтөт. Көрүүчүлөр чебердин жаркын элесине арналган төрт тасманы, улуттук сынактын алкагындагы 18 жана эл аралык сынактын алкагындагы 12 тасманы көрүшөт. Жалпысынан 80ден ашык тасма көрүүгө сунушталат. Мындан сырткары, биринчи жолу кыргызстандык режиссерлордун кыска метраждуу долбоорлоруна питчинг тартууланат. Аларды мурдагы СССР өлкөлөрүнөн келген эл аралык калыстар тобу баалайт”,– деп, билдирди “Үмүт” жаш киночулар форумунун программалык директору, кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова.

Фестивалды жаш режиссёр Алиман Токтогулованын «Урпактар талап кылганга чейин сүйүү менен» (2023) жана 1967-жылы чебер Бекеш Абдылдаев тарткан “Бак” аттуу даректүү тасмалары ачат. Ошондой эле Форумдун алкагында чеберлер-классы жана кино серепчилердин лекциялары уюштурулат. Айтсак, белгилүү татарстан киносынчысы Адиля Хайбуллинанын “Татарстан киносундагы эркектин образы” программасы тартууланат. Ал эми кыргызстандык кино таануучу жана режиссёр Султан Усувалиев «Кинону түшүнүү искусствосу: Хичкок/Трюффо» аттуу лекцияны окуйт. Он биринчи форумдун дагы бир өзгөчөлүгү болуп – россиялык продюсер, РФнын Кинематографисттер союзунун катчысы Дмитрий Якуниндин питчинг боюнча мастер-классы саналат.

Форумдун жыйынтыктоочу күнү 31-мартта, Кино үйүндө Бекеш Абдылдаевди эскерүү кечеси болуп, анда «Нарын жылдыздары» жана «Почта» тасмалары көрсөтүлөт.

Жаш киночулардын Форумунун ачылышы 29-мартта саат 11.00дө «Ала-Тоо»кинотеатрында төмөнкү дарек боюнча өткөрүлөт: Эркиндик бульвары53, Чүй проспектиси 187. Форумдун программасы тиркелет.

Команда  Бюро  коммуникаций ТАГС

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17