Аймак

АВТО ЭЭНБАШТЫК КЫЛГАНДАР ЭКИНЧИ ИРЕТ ЖАСАСА УНАА БАШКАРУУ УКУГУНАН АЖЫРАТЫЛАТ

АВТО ЭЭНБАШТЫК КЫЛГАНДАР ЭКИНЧИ ИРЕТ ЖАСАСА УНАА БАШКАРУУ УКУГУНАН АЖЫРАТЫЛАТ

 369 Бардыгы /

БИШКЕК. Авто ээнбаштык кылгандар кармалды. Эгерде экинчи ирет жасаса унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, социалдык тармактарда чиновниктин балдары автоээнбаштык кылып жатат деген  видео тасма тараган. Анда,  түн ичинде  жаш балдардын чоң жолдо башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдуктарды жаратуу менен авто ээнбаштык жасап жаткандыгын көрүүгө болот.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, авто ээнбаштык кылган  “BMW M8”, “BMW X3”, “Mercedes-Benz”  жана “BMW G30”  үлгүлөрүндөгү төрт унаанын айдоочуларын кармашып, унааларын убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизишти.

Ал эми айдоочулардын ар бирине Кыргыз Республикасынын Укук бузуу кодексинин 189-беренесине ылайык, 15 000 сомдон айып пул салышты. Жалпы 60 000 сом. Ошондой эле, мындай одоно жол эрежелерин бузууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

 Урматтуу айдоочулар мыйзамга ылайык бир жылдын ичинде экинчи жолу автоээнбаштык жасаган айдоочулар алты айлык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылаарын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17