Аймак

ТООЛУУ АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН БЕШ ЖЫЛДЫК ПЛАНЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

ТООЛУУ АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН БЕШ ЖЫЛДЫК ПЛАНЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

 327 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2023-2027-жылдар тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыяланган. Анын негизги мактасы, тоо экосистемасын коргоо, өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Анын алкагында облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район акимдери, шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин төрагалары, район жана шаардык билим берүү бөлүмү, маданият, жаштар уюмдарынын жетекчилерине маалыматтык жыйын өткөрүлдү.

Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү иш аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлү Турдакун Абдыкадыров, ПРООНдун эксперти Максатбек Анарбаевдер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө тоолуу аймактарда жашаган калктын социалдык-экономикалык бакубаттуулугун жогорулатуу, ошол эле мезгилде жаратылыш, суу ресурстарын үнөмдүү жана туруктуу колдонуу аракеттери, мындагы жаралган көйгөйлөр талкууланды.

Облус башчысы жетекчилерге тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруунун алкагында бекитилген Жол Картаны ийгиликтүү аткаруу максатында, активдүү аракеттенүүгө чакырды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17