Аймак

РОССИЯ КИНОСУНУН КЫРГЫЗСТАН 2024 ФЕСТИВАЛЫ РЕСПУБЛИКАНЫН ЭКИ ШААРЫНДА ӨТӨТ

РОССИЯ КИНОСУНУН КЫРГЫЗСТАН 2024 ФЕСТИВАЛЫ РЕСПУБЛИКАНЫН ЭКИ ШААРЫНДА ӨТӨТ

 699 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасында 11-14-апрель күндөрү Россиянын Маданият министрлигинин жана Кино фондусунун колдоосунда РОСКИНО компаниясы уюштурган Россия киносунун Кыргызстан 2024 фестивалы өтөт.  

Иш-чара эки шаарда – республиканын борбору Бишкекте жана «түштүк борбор» расмий макамы бар өлкөнүн түштүк аймагынын эӊ ири шаары Ошто өтөт.

Бишкекте «Манас» кинотеатры фестивалдык окуялардын борбору болуп калмакчы, ал эми Ошто «Семетей» кинотеатры иш-чаранын коноктору үчүн өзүнүн меймандос каалгасын ачат.

 Кино көрсөтүү программасына акыркы жылдары ар түрдүү жанрларда тартылган россиялык эӊ көрүнүктүү беш фильм кирди: аскердик-тарыхый драма «Аба» (реж. Алексей Герман-кенже, 2023-ж.); тарыхта биринчи жолу космосто тартылган «Чакырык» фильм (реж. Клим Шипенко, 2023-ж.); «Чортон балыктын буйругу менен» жомогу (реж. Александр Войтинский, 2023ж.); «Чебурашка» үй-бүлөлүк комедиясы (реж. Дмитрий Дьяченко, 2023-ж.) жана «Снегирь» фильм-катастрофасы (реж. Борис Хлебников, 2023ж.). Тасмалар орус тилинде кыргызча субтитрлер менен акысыз көрсөтүлөт.

Россия Федерациясынын маданият министри Ольга Любимова: «Биз Кыргыз Республикасында Кыргызстандын кеӊири аудиториясы үчүн салтка айланган жана чыныгы майрам болуп калган Россия киносунун фестивалын өткөрүп жатканыбызга кубанычтабыз. Жыл сайын биз көрүүчүлөрдү россиялык кинонун эӊ жаркын жаӊы тасмалары менен тааныштырабыз, коомчулук үчүн жаӊы ысымдарды жана таланттарды ачабыз. Россия киносунун фестивалы 2024 россиялык режиссерлордун ар түрдүү жанрдагы: атап айтканда, фэнтези, үй-бүлөлүк комедия, масштабдуу космостук драма, фильм-катастрофа жана аскердик-тарыхый эӊ мыкты кино тасмаларын сунуштайт. Фестивалдын өткөрүлүшү индустриалдык диалог үчүн дагы мүмкүнчүлүк болуп калат. Кыргыз Республикасы биз үчүн маданий, анын ичинде кино жаатындагы маанилүү өнөктөш болуп саналат. Республикада улуттук кинематографияны колдоо маданият жаатындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү милдеттеринин бири катары аныкталган. Биз Евразия мейкиндигинде киноиндустрия кызматташуусун чыӊдоону колдойбуз. Россия жана Кыргызстан биргелешип өндүргөн бир катар ийгиликтүү фильмдер бар, жаӊы долбоорлор боюнча дагы кызматташуу жанданып жатат».
 РОСКИНО башкы директору Эльза Антонова: «Кыргыз Республикасы бир нече жылдан бери катары менен Россия киносунун фестивалы үчүн аянтча болуп келет. Быйыл биз долбоордун географиясын кеӊейттик: биринчи жолу кино көрсөтүүлөр дароо эки шаарда: Бишкекте жана Ошто болот. Көрүүчүлөр бул жолу россиялык режиссерлордун бир катар эмгектерин: «Чебурашка», «Чортон балыктын буйругу менен», «Снегирь», «Аба» тасмаларын көрө алышат. 12-апрелде Космонавтика күнүндө «Чакырык» тасмасын көрсөтүү актуалдуу болот. РОСКИНО бүгүнкү күнү КМШ мамлекеттери менен кино жаатындагы өз ара иш-чараларды ишке ашыруу менен активдүү иштеп жатат. Эгерде тарыхка кайрылсак, РОСКИНО мураскор болгон «Совэкспортфильм» убагында СССР республикаларынын киностудияларынын фильмдерин чет өлкөлөрдө тааныштыруу жана чет элдик прокатты уюштуруу менен иштеген. 2023-жылы РОСКИНО менен «Кыргызтасмасы» мамлекеттик кино борбордун ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган, анын алкагында, улуттук фильмдерди илгерилетүү, кино өндүрүш жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү пландалган».

 Фестивалдын аянтында Россиянын Мамлекеттик фильм фонду жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография Департаментинин «Кыргызтасмасы» кино борборунун ортосунда эки тараптуу кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлат. Макулдашуу алкагында архивдик киноматериалдарды сактоо, реставрациялоо жана калыбына келтирүү, улуттук кино мурастарды сактоого көмөктөшө турган кесиптик тажрыйба жана актуалдуу технологиялар менен алмашуу, сейрек киноматериалдарды изилдөө жана атрибуциялоо жаатындагы биргелешкен иштерди жүргүзүү каралган. Тараптар маданий байланыштарды жана маданий алмашууну өнүктүрүү үчүн биргелешкен жагымдуу шарттарды түзүүгө, фестивалдарды, семинарларды, көргөзмөлөрдү, жолугушууларды, атайын тематикалык кино көрсөтүүлөрдү, конференцияларды жана башка маданий-гуманитардык акцияларды уюштурууга дагы ниеттенет.

Кыргыз Республикасында салттуу түрдө чоӊ экранда көрүүгө мүмкүн болгон россиялык кинонун жаӊылыктарына чоӊ кызыгуу бар. Көрүүчүлөр бүйүр кызыткан сюжеттерди, масштабдуу тасмаларды, заманбап атайын эффектилерди, алдыңкы кинотехнологияларды жана компьютердик графиканы өзгөчө баса белгилешет.

РОСКИНО Россиянын Маданият министрлигинин колдоосунда уюштурган россиялык кинолорду көрсөтүү Кыргыз Республикасында 2021-жылдан бери өткөрүлүп келет: ошол аралыкта көрүүчүлөр «Пальма»,
«Конек-Горбунок», «Майор Гром», «От», «Келечектен келген жубайлар»,
«Тартиби катаал ата-эне» фильмдери, «Үч баатыр жана таажычан ат», «Чинк: Куйруктуу детектив», «Тукаба Бум!» анимация тасмаларын ж.б. көрүшкөн.

 Россия киносунун Кыргызстан 2024 фестивалы Россия менен Кыргыз Республикасынын ортоундагы гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү алкагындагы көрүнүктүү маданий окуялардын бири болуп калмакчы жана россиялык кинону Орто Азияда жайылтууга жана илгерилетүүгө көмөктөшөт.

 Фильмдердин программасы:

Чакырык» (Режиссер Клим Шипенко) – дүйнөлүк кинематографта мурда болуп көрбөгөн эмгек, көркөм фильм биринчи жолу космосто тартылды: россиялык режиссер Клим Шипенко жана актриса Юлия Пересильд 2021-жылы октябрда 12 күн МКСте болушту. Космостук драма хирург Женя Беляеванын окуясын жөнүндө айтып берет, ал ооруп калган космонавты сактап калуу максатында МКСке баруу үчүн бир ай космостук учууга даярданууга тийиш болот. Ага өзүнө ишенбестикти жана коркууну жеӊүүгө жана салмаксыздык шартында эӊ татаал операцияны жасоого туура келет.

 -«Аба» (реж. Алексей Герман-кенже, 2023-ж.) көрүүчүгө Улуу ата мекендик согуштун тарых барактарына үӊүлүп көрүүгө мүмкүндүк берет. Сюжет боюнча авиациялык аралаш полкко жаш учкуч-кыздар бөлүгү келет: алардын баары секелек, атышуу көрбөгөн жана согуш деген эмне экенин таптакыр түшүнө элек. Фильмдин дүйнөлүк бет ачары 2023-жылы октябрда 36-Токио эл аралык кинофестивалында болгон; тасма Негизги конкурска катышкан жана көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынган. -«Аба» – россиялык фильмдердин эӊ технологиялык тасмасы болуп саналат.

 – «Чортон балыктын буйругу менен» жомогу (реж. Александр Войтинский, 2023ж.); – көрүүчүлөрдү орус жомокторунун дүйнөсүнө алып баруучу кызыктуу окуялуу фэнтези-фильм. Сюжет боюнча, Керемет-балык дөөпөрөс Емелге падыша кызынын жүрөгүн багындырууга жардам берет.

 -«Чебурашка» (реж. Дмитрий Дьяченко, 2022-ж.) – россиялык прокаттын 2023-жылкы рекордсмени, тынчы жок жандыктын жоруктары жөнүндө жүрөк элжиреткен жана жагымдуу үй-бүлөлүк комедия. Чебурашка – өткөн кылымдагы советтик мультипликациянын, ошондой эле чет өлкөлүк көрүүчүлөргө дагы жаккан эӊ белгилүү каармандарынын бири. Мультфильмден  толук метрдеги тасмага «көчүп өткөн» каарман кайрадан атактуулук толкунунда болуп калат.     

Снегирь» (реж. Борис Хлебников, 2023-ж.) – 2023-жылдагы россиялык автордук кинонун эӊ көрүнүктүү долбоорлорунун бири. Бул катуу толкунга кабылган балыкчылар жөнүндө драма, бирок жыйынтыгында катуу толкун кеменин командасын күткөн эӊ башкы сыноо эмес болуп чыгат. Бул эӊ акырында трагедияга алып келген муундар аралык конфликт жөнүндө окуя. «Снегирь» россиялык «Золотой орел-2024» кино сыйлыгынын эӊ башкы  «Мыкты фильм» номинациясын жеӊүүчү болуп калды, ошондой эле: «Фильмдин мыкты монтажы», «Үн режиссердун мыкты эмгеги», «Мыкты визуалдык эффектилер» аталыштары боюнча дагы жеӊүүчү болду. 

 Кирүү акысыз, ticket.kg сайтында алдын ала каттоодон өтүү керек.

Маалымкат

 РОСКИНО  эл аралык фестивалдарда жана кинорыноктордо россиялык аудиовизуалдык контент индустриясын көрсөткөн мамлекеттик уюм.  Компаниянын 100% акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча федералдык агенттикке таандык. 2024-жылы компания жүз жылдык мааракесин белгилейт (РОСКИНО – 1924-жылдан тартып иштей баштаган «Совэкспортфильм» уюмунун мураскери болуп саналат).

 www.roskino.org

 Россия киносунун фестивалы (Russian Film Festival) – РОСКИНО Россия Маданият министрлигинин колдоосунда 2020-жылдан тартып өткөрүп келе жаткан россиялык кинолорду чет өлкөлөрдө көрсөтүү иш-чарасы. Russian Film Festival – чет өлкөлүк көрүүчүнү заманбап көп түрдүү россиялык контент менен тааныштыруу: анда ар кандай жанрдагы көркөм кинодон жана сериалдардан тартып, анимация жана даректүү тасмаларга чейин көрсөтүлөт. 2020-2023-ж. фестиваль 35 өлкөдө болду жана 8,8 млн ашык көрүүчү чогултту. Russian Film Festival форматы онлайн-көрсөтүүлөрдү жана офлайн-иш-чараларды дагы камтыйт.

Команда  Бюро  коммуникаций ТАГС

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17