Аймак

II ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН ДЕЛЕГАТТАРЫНА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

II ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН ДЕЛЕГАТТАРЫНА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

 456 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 5-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, II Элдик Курултайдын катчылыгынын эксперттери, делегаттардын катышуусунда жыйын өттү.

Анын алкагында II Элдик курултайдын секретариаты тарабынан аткарылган жумуштар, элдик курултай боюнча мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу маалыматтар берилди. Мындан сырткары Жалал-Абад облусунан барган делегаттар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн аткарылышы талкууланып, аймактардагы жайыт, социалдык объектилер, инфраструктура жаатындагы көйгөйлөр айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө делегаттар элдик курултайда көтөрүлгөн маселелерди чечүү жаатында сезилээрлик жылыштар бар экенин белгилешти. II Элдик курултайга Жалал-Абад облусунан жалпы 106 делегат катышкан. Алардан 20сы жарыш сөзгө чыгып, 63 сунуш берилген.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17