Аймак

ААЛАМГА ЖОЛ МЕКТЕПТЕН БАШТАЛАТ

ААЛАМГА ЖОЛ МЕКТЕПТЕН БАШТАЛАТ

 672 Бардыгы /

ЕврАзиялык Интеграция Бизге аралашып кетпөөгө жана дагы биротоло жок болуп кептөөгө, Азыркы Цивилизацияда Өз ордубузду бекем табууга гана көмөктөшөт.

        Чыңгыз АЙТМАТОВ, Кыргыз Эл жазуучусу

        Кыргызстандын бардык мектептеринде 25-майда акыркы коңгуроо кагылды. Ош шаарындагы №20-Исхак РАЗЗАКОВ атындагы мектеп-гимназиясында дагы бул иш-чара абдан жогорку деңгээлде  жүрдү. Акыркы коңгуроо салтанатына кабарчыбыз дагы катышып, жеринен шырбаян уюштурду.

Раатбек АБДИЛЛАЕВ, Ош шаарындагы №20-Исхак

РАЗЗАКОВ атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү:

Соңку тапта Мекенибизде жарандарыбыздынукуктары катарынан эле кадам сайын тебеленип-тепселип жатпайбы. Ушуларды көрүп-билип туруп, чындыгында, чыдай албайт – түтпөйт экенсиң. Мен болочокто эң активдүү укук коргоочу боломун. Улутуна жана дагы жынысына, ошондой эле улуу-кичүүсүнө карабастан мекендештеримдин укугун такай коргогонго катуу киришмекчимин.

Айганыш НАБИЖАНОВА, Ош шаарындагы №20-Исхак

РАЗЗАКОВ атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү:

Жашырып не. Кыргызстан – бейиштин төрү. Ажайып – кооз жерлерибиз чекесинен эле табылат. Эгерде чет өлкөлөрдө бизикиндей мыкты жерлер болсо, анда алар чукул арада абдан байып кетишмек. Ошондуктан, мен ары ойлонуп, бери толгонуп, акырында туризм багытын гана тандадым. Албетте, аракет кылсаң, сөзүз берекети дагы болоору шексиз. Тандаган кесибим аркылуу мен сүйүктүү Ата Журтумду Дүйнөгө кеңири таанытууга кудуретим жетет ко деген терең ишеничтемин!

        Нурлан ТӨЛӨБЕКОВ, Ош шаарындагы №20-Исхак

РАЗЗАКОВ атындагы мектеп-гимназиясынын 1-классынын окуучусу:

Мен чоң класттарда окушкан эжелеримдей жанаагаларымдай тартиптүү, анан дагы окумал болууну каалаймын!

Сезим АЛЫМОВА, Ош шаарындагы №20-Исхак

РАЗЗАКОВ атындагы мектеп-гимназиясынын 1-классынын окуучусу:

– “Ата-энемдин мээнетин актасам” дегенде, эки көзүм –төрт. Иши кылып мындан ары мен мектебимде аларды уят кылбаймын. Кепке дагы калтырбаймын.

        Кубанычбек АХМЕДОВ,  коомдук ишмер:

– Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен бардык бүтүрүүчүлөргө ак жол гана тилеймин! Булардын мындан аркы турмуштук сапары ак жолтой жана абдан байсалдуу болсун! Уул-кыздарыбызды үзгүлтүксүз окутуп, дал ушул бийик даражага жеткиришкен    Ош шаарындагы №20-Исхак РАЗЗАКОВ атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдер жамаатына терең таазим! Мээнетиңиздер ылайым текке кетпесин!

        Венера СУРКЕЕВА, ОшМУнун кафедра башчысы:

– Албетте, мен азыр өтө толкунданып турамын. Өзүм ЖОЖдо педагог болгондуктан, мектептеги эжеке-агайларыбыздын түмөн түйшүгүн куп гана түшүнөмүн. Сиздердин жооптуу ишиңиздерди мындан ары жалаң гана ийгиликтер коштосун! Анан дагы эмгегиңиздерден сөзсүз баар табыңыздар!

        Акылбек ТАШБАЕВ, Ош шаарындагы №20-Исхак

РАЗЗАКОВ атындагы мектеп-гимназиясынын директору:

Мезгил улам өткөн сайынДүйнө дагы уламдан улам глобалдашып, мындайча айтканда, ашкере ыкчам татаалдашып баратпайбы. Демек, дал ошого жараша биз – азыркы муун көч артында калууга таптакыр акыбыз жок! Айланайын, бүтүрүүчүлөрүбүз! Эл аралык шарга – агымга Силер дагы ыкчам кошулуп, бул жашоодон ар бириңер сөзсүз өз ордуңарды дароо тапкыла! Мен силерге дайыма изенүүчүүлүктү, жаратмандыкты жана дагы жолбашчылыкты гана каалаймын!

        Ошентип, Кыргызстандын Түштүк башкалаасында 88 мектеп бар. Булардын арасынан 54 мектеп Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу. Ал эми калганы – жеке мектеп. Буларда жалпы жонунан 79 миң 12ден ашуун окуучу билим алып жатышат. Баса, быйыл Ош шаарында 11-кластты 2 миң 315 окуучу, ал эми 9-классты 7 миң 326 окуучу аяктап жатышкан чагы. Не дейли. Ааламга жол мектептен башталат. Ак жол сага, бүтүрүүчү!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17