Аймак

АКСЫДА СЕЛ КОРКУНУЧУНА КАБЫЛГАН 250 АДАМ КООПСУЗ ЖАЙГА ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

АКСЫДА СЕЛ КОРКУНУЧУНА КАБЫЛГАН 250 АДАМ КООПСУЗ ЖАЙГА ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

 573 Бардыгы /

Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Кезарт айылында сел коркунучунун кесепетинен 250 адам коопсуз жайга, тууган-уруктарыныкына токтоосуз түрдө убактылуу көчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул жылдын 25-майында кечки саат 7лер чамасында катуу жааган жаандан улам Кара-Жыгач—Кызыл-Көл жолунун 6-чакырымында сел жүргөндүгүн, Кара-Суу дарыясынын деңгээли ого бетер көтөрүлүп, анын жээгине жакын жашаган 60тан ашык үйдү суу каптоо коркунучу жаралгандыгын билдирген.

Ушул тапта селдин кесепетин жоюу, кырсыктын алдын алуу максатында аймакты Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, президенттин Жалал-Абад облусундлагы ыйгарым укуктуу Өкүлү баштаган топ кыдырып жүрүшөт. Кыргызстанда быйылкы жаз абдан жаанчыл болуп, бир катар облустарда, аймактарда сел жүрүп, дарыялар, суулар ташкындап жаткан маалы.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17