Аймак

БАРПЫ АЛЫКУЛОВДУН 140 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

БАРПЫ АЛЫКУЛОВДУН 140 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

 621 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 3-июнь күнү Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде залкар акын Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган “Барпы Алыкуловдун чыгармачылык өзгөчөлүктөрү жана төкмөлүк өнөрдүн маселелери” аттуу илимий-практикалык конференциясы өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат министринин орун басары Айнура Аскарова, ЖАМУнун окутуучулук жамааты жана маданият кызматкерлери катышты.

Илимий конференцияда облус башчысы Абсаттар Сыргабаев сөз сүйлөп, акын Барпы Алыкуловдун чыгармачыктагы негизги өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, адам жашоосунун философиялык маңызын таамай сүрөттөгөн көрөгөч акын катары сыпаттады. Мындагы иш-чаралар таланттуу инсандын өмүрү жана чыгармачылыгын бүгүнкү жаш муундарга жайылтуу болуп саналаарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, эл аралык “ТҮРКСОЙ” уюмунун туруктуу кеңеши тарабынан 2024-жылды “Барпы Алыкулов жылы” катары кабыл алган. Бул демилге Кыргыз элинин залкар акындарынын бири Барпы Алыкуловдун чыгармаларын баалап, аны Кыргыз элине гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнө жайылтуу максатында кабыл алынган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17