Аймак

АРАВАНДАГЫ №112-КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИ БҮТҮРГӨНДӨРГӨ ЖУМУШ ОПОҢОЙ ТАБЫЛАТ!

АРАВАНДАГЫ №112-КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИ БҮТҮРГӨНДӨРГӨ  ЖУМУШ  ОПОҢОЙ ТАБЫЛАТ!

 3 Бардыгы /

Санариптештирүү талабына жараша заманыбыз дагы улам ыкчам гана өзгөрүп баратпайбы. Ошондуктан, Ош облусуна караштуу Араван районундагы №112-кесиптик лицейи дагы мезгилдин керектөөсүнө ылайык кесипкөйлөрдү кыска аралыкта белендөөгө бекем ыктады. Муну биз аталган билим берүү жана кесипке үйрөтүү мекемесин кенен-чонон кыдырып жүрүп биротоло ынандык.

        Акимжан ТЕШЕБАЕВ, Араван районундагы №112-кесиптик лицейинин мурунку директору:

– Биздинлицей өткөн кылымда, тактап айтканда, 1981-жылдын 21-октябрында негизделген. Эң башкы максатыбыз: элеттик курсанттарга сапаттуу жана заманбап кечвиптик билим берүү, ошондой эле окуу жаыбыздын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, тез жана пайдалуу киреше табуу жана аны токтоосуз көбөйтүү. Биз бул өңүттө “Бар бол” жоопкерчилиги чектелген коому жана “Топ-текс” тигүү ишканасы менен азыр деле үзгүлтүксүз түрдө иштешип келатабыз.

        Айдың АЙТИБАЕВА, Араван районундагы №12-кесиптик лицейинин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары:

– Көрүп атасыздар го. Заманыбыз тегиз санариптештирилип, ага жараша ыкчам дагы өзгөрүп атат. Ошого жараша биз дагы кыска мөөнөттө жалаң гана кесипкөй адистерди белендегенге бекем ыктадык. Маселен, ушул тапта лицейибизде 404 курсант татыктуу билим алып жатышканг чагы. Үч жылдык мөөнөт менен Айыл чарбаөндүрүшүнүн устаты, фермерликке – 42, эки жылдын мөөнөттө Айыл чарба өндөрүшүнүн устаты, фернмерликке 169 курсант 1-курста, ал эмиушул эле кесиптерге 2-курста 68 курсантыбыз окуп жатышат. Ал эми 10 айлык окуу мөөнөтүндө 99 курсантыбызды сапаттуу тигүү жабдыктарынын операторуна, ошондой эле тигүүчүлүккө – 26 курсантыбызды Айыл чарба өндүрүшүн устаты, фермерликке мыктылап белендеп жатабыз.

        Бактыгүл ТУРГУНБАЕВА, Араван районундагы №112-кесиптик лицейинин директорунун окуу-өндүрүштүк жана усулдук иштер боюнча орун басары:

– Менин негизги кесибим – тарых мугалими.Бирок, бул лицейде бардык тепкичтердибасканга үлгүрдүм. Ашпозчу, катчы, кадрлар бөлүмүнүн адиси сыңары иштеп, ыраса быштым, акыры моминтип дасыктым. Биздин 12 бүтүрүүчүбүз Орусиянын Иванова шаарындагыайыл чарба институтунда окушуп, баары тең Мекенине кайтып келишти.Баары ушул учурда ар түрдүү кызматтарды ийгиликтүү аркалашат. Дагы бир курсантыбыз ушул тапта Араван райондук мамлекеттик акимчилигинде камчы салдырбастан гана иштеп атат.

        Жанара БЕКМАМАТОВА, Араван районундагы №112-кесиптик лицейинин курсанты:

– Программистадистигине окуп жатамын. Албетте, заманбап кесип. Азыр компьютердин жана дагы интернеттин тилин билгендер утуп гана атышат. Жумуш опоңой табылат. Анан дагы айлык-маянасы абдан жогору.

        Нурмухаммад АБДУМАННАНОВ, Араван районундагы №112-кесиптик лицейинин курсанты:

Албетте, жаңылышкан жокмун. Лицей менен чектелбестен, андан ары иштеп, ошондой эле билимимди дагы ого бетер жогорулатам. Иши кылып мекенимдин керегине жараган адисм болууну эңсеп жүрөм.

        Парида ОРДОБАЕВА, Араван районундагы №112-кесиптик лицейинин Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты:

Кыргызстан – Айыл чарба багытындагы, мындайча айтканда, Агрардык өлкө. Демек, дал ушул өңүттөгү адистерге абдан муктаж! Дал ушуну биз көңүлүбүзгө бекем түйүп, Айыл чарба багытындагы устаттарды жана фермерлерди даярдооону ыраса активдештирдик.

        Баса¸ Араван районундагы №112-кесиптик лицейди 2011-жылдын 13-октябрынан тартып дасыккан адис Гильбархан САРЫБАШОВА жетектеп келатат.

-Биздин лицейибизде өз кесибинин жалаң гана устаттары

эмгектенишет, – деди Араван районундагы №112-кесиптик лицейдин директору Гильбархан САРЫБАШОВА. – Булар билимдерин үзгүлтүксүз жогорулатышып, ар түрдүү кароо-сынактарга дагы активдүү катышып турушат. Өндүрүштүк окутуунун сапатын көтөрүү максатында ишканалар жана мекеме-уюмдар менен келишим түзүлүп, курсанттарыбыз ал жактарда тынымсыз практикасын өтөшөт. Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланып жана үнөмдөп, 3 өндүрүштүк окутуу устатын. 2 кичүү персоналды жана дагы 2 окутуучуну кыскарттык. Араван райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен өз ара макулдашып,  жумушсуз жарандарды тигүүчү, автомашина оңдоочу-машинист, Веб-сайт иштетүүчү кесиптерге дагы тынбай үйрөтүп жатабыз.

        Кыскасы, Ош облусуна караштуу Араван районундагы №112-кесиптик лицейинин иш-тажрыйбасын республикалык алкакта деле жайылтсак, албетте, мындан баарыбыз тең   утаарыбыз анык…

        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17