Аймак

КЕСИПЧИЛИК ЛИЦЕЙДЕ ЗАМАПБАП КЕСИПКӨЙЛӨР ДАЯРДАЛАТ

КЕСИПЧИЛИК ЛИЦЕЙДЕ ЗАМАПБАП КЕСИПКӨЙЛӨР ДАЯРДАЛАТ

 3 Бардыгы /

Ош облусунун Алай районундагы Жумаш РАИМКУЛОВ атындагы №67-кесипчилик лицейи 1960-жылы 1-сентябрда Араван районундагы №18-селолук кесипчилик окуу жайынын филиалы сыңары негизделген. Ал эми Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1970-жылдын 10-ноябрындагы токтомуна ылайык Алай районунун борбору Гүлчө кыштагындагы №22-селолук кесипчилик окуу жайы аталып,  өзүнчө бөлүнгөн. Адегенде айылдагы аскердик бөлүктө жайгыштырылып, окуу имараты, жатаканасы жана ашканасы бир эле жерде орун алган. 2018-жылдын 3-майында гана №67-кесипчилик лицейине Жумаш Раимкуловдун ысымы түбөлүккө ыйгарылган.

             Аваз ЖОРОЕВ, Алай районундагы Жумаш РАИМКУЛОВ атындагы №67-кесиптик лицейинин өндүрүштүк окуу устаты: – 1987-жылдын бери ушерде гана эмгектенип келатамын. Кыргыз Өкмөтү эмгегимди балап, “Кесиптик билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйлангамын. Мол тажрыйбамды курсанттар менен тең бөлүшүп, алардын мыкты адис сыңары тарбияланышына өбөт кызыкдарбыз! Кудайга шүгүр, бүтүрүүчүлөрүбүздүн бири дагы бизге жаман кеп-пикир угуза элек. Тескерисинче, мактоодон төбөбүз көккө гана көтөрүлүп келатат.

             Бүалима БЕКТАШЕВА, Алай районундагы Жумаш РАИМКУЛОВ атындагы №67-кесиптик лицейинин физика мугалими:

“Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей, 36 жыл бою дал ушул жерде талыкпастан эмгектенип, анан дагы баар таптым. Зоблом көтөрүлүп, агарып-көгөрдүм. Эми гана туптуура нукка түшүп, заман талабына шайкеш кадрларды даярдаганга бекем ыктадык.

             Мухаммеджума АБДЫРАХМАНОВ, Алай районундагы Жумаш РАИМКУЛОВ атындагы №67-кесиптик лицейинин 2-курсунун курсанты:

– Тээ алыскы Сары-Могол кыштагынан келгенмин. Биз жакта незигинен мал чарбачылыгы менен гана алектенишет. Ошол себептүү фермерликке окуп жатамын. Анын үстүнө биздин айылыбызда фермерлер дээрлик жетишпейт. Дээрлик жокко эсе десем деле жаңылышпаймын.

          Замирбек БЕЛЕКОВ, Алай районундагы Жумаш РАИМКУЛОВ атындагы №67-кесиптик лицейинин директорунун окуу-усулдук иштер боюнча орун басары:

Мурун мен Алайда токой чарбасынын башчысыкызматын аркалагамын. Ал эми азыр курсанттарга токойчулук  жөнүндө сабак беремин. Мурунку кесибимдин ушул тапта мага пайдасы куп гана тийип атат. Жыл сайын дары-дармек чөптөрдү тоолордон терип, андан ары атайын шартта кургатып, буларды дээрлик кантип пайдаланышка бекем ыктадык. Жыйнтыгы жаман эмес!

          Замирбек КАЙЫПНАЗАР уулу, Алай районундагы Жумаш РАИМКУЛОВ атындагы №67-кесиптик лицейинин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары: –  Лицейдин окуу имараты тээтигил өткөн кылымда, 1980-жылы жаңы типте, эки кабат бышык кыштан салынган. Класстарыбыз жалпысынан 292 орунга гана ылайыкташтырылган. Кышындасы көмүр менен жылытылат. Окуу усулканаларыбыз 240 орундуу. Ал  эми лабораториябызды көрбөдүңүздөрбү? Тракторлорубуз, автомобилдерибиз жана айыл чарба машиналарыбыз бар. Демек, буларды техникалык жактан тейлегенге өзүбүздүн деле кудуретибиз жетет. Окуу устаканаларыбыз жана чеберканаларыбыз бүт заманбап жабдылган.

           Топчугүл МУХАММЕДЖАНОВА, Алай районундагы Жумаш РАИМКУЛОВ атындагы №67-кесиптик лицейинин тигүүчүлүк кесибинин курсанты:

– Ушул тапта Кыргызстанда жеңил өнөр жайы улам өнүгүп жана дагы кеңейип гана баратпайбы. Мен дагы окуумду бүткөндө тигүү цехин ачмакчымын. Кыргыздын Улуттук кийим-кечелерин тигип, Ата Мекенибизге жана чет өлкөлөргө экспорттомокчумун.

          Зийдегүл КАМБАРАЛИЕВА, Алай районундагы Жумаш РАИМКУЛОВ атындагы №67-кесиптик лицейинин тигүүчү-устаты:

– Мен Ош технологиялык университетинин тигүүчү—дизайнер адистигин аяктагамын.Курсанттарыбызды чеберчиликке  үйрөтүп жатамын. Булар окуусун бүтүрүшкөндөн кийин баары тең өз жолун буйдалбастан таап кетишээрине терең ишенем! Анткени, кыздарыбыздын баары тегиз аракетчил жана түйшүкчүл.  

           Мира КЕДЕЕВА, Алай районундагы Жумаш РАИМКУЛОВ атындагы №67-кесиптик лицейинин усулчусу:

– Эмгек жамаатыбыз, көз тийбесин, абдан ынтымактуу. Ошону үчүн лицейибиз заман талабына жараша улам өсүп-өнүгүп гана баратат. Болбосо, өлкөбүздөгү айрым кесипчилик лицейлер каржылык кыйынчылыкка кептелишип, аргасыздан жабылып кетишпедиби…

          Бектурсун БАКИРОВ, Алай районундагы Жумаш РАИМКУЛОВ атындагы №67-кесиптик лицейинин жол кыймылы боюнча адиси:

– Кыска мөөнөттө (3,5 айда) “В” жана “С” категориясындагы автомобиль айдоочуларды дагы белендейбиз. Соңунда булардын баары тең “Унаа” мамлекеттик ишканасында сынак тапшырышат. Анан гана айдоочулук күбөлүгү ыйгарылат.

          Нуржан ЖОРОЕВА, Алай районундагы Жумаш РАИМКУЛОВ атындагы №67-кесиптик лицейинин бөлүм башчысы:

– Мен ОшМУнун тарых факультетин аяктаганмын.Өз кесибим боюнча курсанттарга сабак беремин. Биз ар бир предметтик жана өндүрүштүк сабактарды өздөрүнө ылайыктуу кааналарда. устканаларда жана лабораторияларда өткөрөбүз. Бул өңүттө автомобилдерибиз. машиналарыбыз, техникаларыбыз жана дагы тигүүчү машиналарыбыз дээрлик жетиштүү.

          Гүлзина САЙДАМАТ кызы, Алай районундагы Жумаш РАИМКУЛОВ атындагы №67-кесиптик лицейинин “”WEB жана мульмедиялык  тиркемелерди иштеп чыгуучу адистиги боюнча өндүрүштүк окутуунун устаты: – Курсанттарыбызды  IT технология боюнча көрсөтмөлүү окутабыз. Компьютер менен иштөөгө такай машыктырабыз. Анан дагы компьютерде модель чийгенге көндүрөбүз. Айтор, эч зериктирбейбиз. Бош койбойбуз. Муну үчүн автоматташтырылган техникаларыбыз жана түйүндөрүбүз бар.

          Бул жолку чыгармачыл сапарыбыздын соңунда Ош облусунун Алай районундагы Жумаш РАИМКУЛОВ атындагы №67-кесипчилик лицейинин директору Гүлмайрам АБДЫЛДАЕВАны дагы кепке тарттык.

-Акыркы жылдарда биздин лицейибиздин материалдык-техникалык базасы улам чыңдалып гана баратат, – деди Ош облусунун Алай районундагы Жумаш РАИМКУЛОВ атындагы №67-кесипчилик лицейинин директору Гүлмайрам АБДЫЛДАЕВА. – Бул максатта Азия Өнүктүрүү Банкы,ЕвроБиримдиги, АКТЕД, МерсиКо жана RDF айылды өнүктүрүү Фондуменен дагы ийиндеше иштешип жатабыз. Жалпы билим берүү, атайын предметтер боюнча окуу кааналарыбыз, лабораторияларыбыз  дээрлик жетиштүү. Өзүнчө  окуу устаканларыбыз жана чеберканаларыбыз дагы бар.

          Баса, Алай районундагы Жумаш РАИМКУЛОВ атындагы №67-кесипчилик лицейинде 6 административдик кызматкер, 17 мугалим, 29 инженер-педагог, 17 чарба жана 13 тейлөө кызматкери эмгектенишет. Булар Веб жана Мультмедиалык тиркемелерди иштеп чыгуучуларды, электр жана газ ширетүүчүлөрүн, токой чарба устаттарын, айыл чарба өндүрүшүнүн устаттарын, Улуттук буюмдар боюнча жасалгалоочуларды жана тигүүчүлөрдү, ширетүүчүлөрдү, автомобиль айдоочуларды, компьютер операторлорун, вебдизайнерлерди, кенже ветеринарларды, ашпозчу-кондитерлерди, автомобиль айдоочуларды, жыгач эмеректерин жасаган усталарды, фермер-тракточуларды жана электр монтерлорун белендешет.

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Алай району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17